Борбордук комитеттин кызматкерлеринин Ат-Башы жана Жумгал районуна болгон иш сапары.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин иш планы боюнча профсоюздун Ат–Башы жана Жумгал райондук комитеттеринин билим берүү мекемелиринде социалдык өнөктөштүктү жолго коюу аркылуу кызматкерлердин социалдык-экономикалык проблемаларынын чечилишине,эмгек мыйзамдуулуктарынын жана эмгекти коргоодо коомдук көзөмөл уюштуруу иштерин текшерип жана семинар өткөрүү максатында 31- марттан 5- апрелге чейин Борбордук комитетинин аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова, Эмгекти коргоо жана социалдык маселелер боюнча башчы адис К.Н Ниязбеков командировкада болушту.
17.04.2014 1421 Маалыматтык бюллетеньОш Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы

2014 жылдын 11-апрель күнү Ош улуттук драма театрында Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 10 жуп катышты. Алар ОшМСУнун кызматкерлери жана кыргыз элине таанымал ырчылар, маданият кызматкерлери. Конкурсанттар алгач элдик ырларды, андан соӊ эркин форматта, акырында мекен тууралуу ырларды ырдашты.
16.04.2014 1683 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунда өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими 2014» конкурстун жыйынтыгы.

2014-жылда райондогу 55 мектептен 1-турунда 55 мугалим катышып, 2- турга 16 мугалим катышуу укугун алышты. Кароо-сынактын 2-туру 28-30-март күндөрү болуп, анда калыстар тобу мугалимдердин кабинеттери жана иш кагаздары боюнча текшерип, жыйынтыгында аз балл алган 4 мугалим 2-турда калып, 12 мугалим 3-турга өттү.
16.04.2014 1859 Кесиптик бирлик региондордоОкуучулардын областтык спартакиадасы

2014-жылдын 10-13-апрелине чейин Кочкор-Ата шаарында окуучулардын Жалал-Абад областтык Спартакиадасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Спартакиадага Ноокен, Токтогул, Сузак, Чаткал, Тогуз-Торо райондорунан жана Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак шаарынан башка командалар толугу менен катышышты. Бардыгы болуп 9 команда спорттун 3 түрү боюнча: футбол, баскетбол, жеңил атлетика боюнча күч сынашышты.
16.04.2014 1322 Кесиптик бирлик региондордо«2014-жылдын мугалими» сынагы.

«Жылдын мугалими» сынагына райондогу жалпы аймактардагы мектептерден 16 мугалим райондук сынакка катышып, алардын интеллектуалдык деңгээлин, саясий кругозорун, мугалимдин окуткан сабагы, иш кагаздары, компьютердик сабаттуулугу жана тарбиялык багыттагы темаларда өткөн сабагы боюнча «Мастер класс» аркылуу педагогикалык чеберчилиги жана мугалимдин өзүнүн таланты каралып, “2014-жылдын чыгаан мугалими” аныкталды.
16.04.2014 1536 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда 2014-жылдын мыкты сулуусу тандалды
ОшТУнун профсоюз уюмунун төрагасы Азизбек Арзыматов жалпы конкурска катышкан кыздарга жайкы каникул мезгилинде Арсланбап эс алуучу жайына жолдомо берилерине убада кылды. Эске салсак ОшТУнун профсоюз уюму былтыркы жылы дагы катышуучу кыздарга жана окуу жайдын алдынкы студенттерине Арсланбап эс алуу жайына жолдомо берип, анда 25 студент эс алып келишкен.
14.04.2014 2089 Кесиптик бирлик региондордоСовещание председателей объединенных профкомов вузов и спузов в ЦК профсоюза отрасли
В зале конференций Федерации профсоюзов отрасли 11 апреля 2014 года состоялось совещание председателей объединенных профкомов вузов и спузов города Бишкек, состоящих на профсоюзном учете профсоюза работников образования и науки КР.
14.04.2014 1434 Социалдык өнөктөштүк9- класстардын 200 дөн ашуун окуучуларынын катышуусунда предметтик райондук олимпиада

“ Биз 10-11-класстар арасындагы предметтик олимпиадада район аймагынан 36 окуучу барган болсо, алардын ичинен 29 окуучу 1-2-3- орунду алып келишкен.Бирок окуучуларыбыз олимпиаданын Республикалык деңгээлде 1 гана окуучубуз 3- орунду алып келди. Бул да болсо ийгилик, бирок биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Андыктан биз предметтик олимпиадага бүгүнтөн тартып даярдануубуз зарыл ” деди- райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы олимпиаданы ачып жатып. Олимпиаданын ачылышына райБББнын кызматкерлери, мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы Cонунбүбү Шанабаева жана мугалимдер катышты.
14.04.2014 1376 Кесиптик бирлик региондордоГазета "Позиция профсоюза" №3-4 (127-128) Апрель, 2014
.jpeg)
Академия Труда и социальных Отношений (АТиСО) при ФПК - новое перспективное научно - образовательное учреждение, созданное по инициативе ФПК, начало свою работу. Подобные одноименные Академии в соседних странах содружества были основаны еще в 90-х г.г., и в настоящее время являются крупнейшими ВУЗами этих стран. Цель нашей академии - дать легко усваимое образование молодежи инновационными методами; разработка научных технологий соответствующие требованиям времени; сотрудничество с известными мировыми академиями и университетами; развитие образования молодежи Кыргыстана за рубежом; интеграция науки и практики; научить студентов разрабатывать научные инновационные проекты, использовать свое знание на практике; подготовка научных кадров (через аспирантуру, докторантуру). 0 312 65-58-67, 65-20-77, 077828 28 68, 0 312 12 12 32.
11.04.2014 2087 "Позиция профсоюза" газетасыКара-Суу районунда «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлдү

Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн №12/3 буйругунун негизинде «Жылдын мыкты мугалими-2014» кароо-сынагы жобого ылайык 2014-жылдын 4-5-апрель күндөрү райондук этабы өткөрүлүп ага 17 айылдык округтардан жеңүүчү болгон 17 мугалимдер катышты.
10.04.2014 1241 Кесиптик бирлик региондордоОш ОПКнын Президиуму

Президиумда негизинен студенттик жаштардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мотивациялоо маселелери каралып, контракттык негиздеги студенттерди жыл аягына дейре мүчөлүккө кабыл алууну аяктоо чечими кабыл алынып, БПКнын токтомун жетекчиликке алып, ар бир окуу жай иш-чаара түзүп, анын үстүндө иш жүргүзүү окуу жайлардын бириккен профсоюз комитетинин төрагаларына тапшырылды.
10.04.2014 1181 Кесиптик бирлик региондордо