БАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ-ЭРТЕӉКИ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ (КИТЕП ОКУУ)

Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейде 30-январь күнү "Балдардын тарбиясы-эртенки коомдун келечеги». Китеп окуу - деген темада энелер мектебинин сабагы лицей жетекчиси Б.К.Базарбаева жана соцпедагог К.М.Исманова тарабынан өтүлдү. Энелер мектебинин катышуучулары бала тарбиялоо боюнча ойлорун кызуу талкуулап ортого салышып, активдүү катышты. Кезектеги сабака тапшырма берилип, сабак жыйынтыкталды.
06.02.2019 1038 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ

2019-жылдын 1-февралында Баткен мамлекеттик университетинин окуу түзүмдүк бөлүктөрүнүн профсоюз уюмдарынын башын бириктирген бириккен профсоюз комитети Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде уюштурулду. Уюштуруу конференциясына , Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, БатМУнун ректору А.Зулпуев, БатМУнун профсоюз уюмунун төрайымы Л.Эшалиева жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүктөрүнөн делегат болуп шайланган 33 адам катышты.
05.02.2019 691 Кесиптик бирлик региондордоАк карлуу тоо койнунда эс алуу

2019- жылдын 25-январь күнү Бишкек гуманитардык университетинин Бириккен профсоюздук комитети тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан кызматкерлерге бир күндүк эс алдыруу уюштурулду. Бул саамалыкка жалпысынан 90го жакын кызматкер барып, бир күн болсо да тоо койнунда , таза абадан дем алып эс алып келишти. Профсоюз тарабынан ысык тамак берилип, ар кандай программадагы оюн зооктор жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Бул иш чара аз да болсо окутуучулардын ден соолугуна кам
05.02.2019 1007 Маалыматтык бюллетеньАксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы №18 «Арча-Бешик», №14 Б.Омушова, №25 Р.Кожоматова, №3 «Бүчүр», №4 Т.Давлетов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук уюмдарында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдарда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле 2019-жылдын иш пландары, сметалары талкууланып жалпы чогулуштун токтому менен бекитилди.
05.02.2019 688 Кесиптик бирлик региондордоРайондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы

2019-жылдын 1-февралында Кадамжай Районундагы №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинде РКП тарабынан даярдалган “Райондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы” жөнүндө коллегия болуп өттү. Коллегия Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Бөлүм башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев, райБББнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилеринин катышуусунда өттү.
04.02.2019 803 Кесиптик бирлик региондордо№30 Аркыт жалпы орто мектебинде баштапкы профсоюз комитетинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 29-январында Аксы районундагы №30 Аркыт жалпы орто билим берүү мектебинде кесип бирлигинин отуруму болуп өттү. Отурумда кесип бирликтин бир жылда жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы берилди. Ошону менен бирге 2019-жылга баштапкы комитеттин сметасы, жылдык планын бекитүү боюнча бир канча маселелер каралып, талкууланып бекитилди. Кесип бирликтин мүчөлөрү өз ойлорун билдирүү менен кесип бирликтин төрайымынын жүргүзгөн иштерине жакшы деп баа беришти.
01.02.2019 748 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды

2019-жылдын 29-январь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, А.Усманов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
01.02.2019 752 Кесиптик бирлик региондордо“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Исфана” жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде 2019-жылдын 24-25-январь күндөрү “Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” деген темада мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
01.02.2019 833 Кесиптик бирлик региондордоБилим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт

2019-жыл 30-январь күнү Ноокен районундагы №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде “Түбөлүктүү түгөнбөс кенч-билим болот, түпкүрүнө жете казсаң – илим болот” аттуу райондук ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу бардык мектептердин директорлору катышышты. Ачык эшиктер күнүндө Н.Исмаилова, Ы.Коргонбаева, Ж.Камбарова, С.Кадырова, С.Нурановалар жогорку денгээлде сабактарды өтүп беришти.
01.02.2019 789 Кесиптик бирлик региондордоБашталгыч класстарда сүрөт сабагын окутуунун жана сүрөт тартуу техникаларын үйрөтүүнүн усулдары

2019-жылдын 24-январында Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын жана сүрөт предметинин мугалимдери менен семинар болуп өттү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн методистери, мугалимдер жана башталгыч класстын окуучулары катышты.
01.02.2019 2399 Кесиптик бирлик региондордо2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2019-жылдын 25-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү. Президиумдун күн тартибинде:
31.01.2019 680 Кесиптик бирлик региондордо