Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Усулдук күн өткөрүлдү

Усулдук  күн өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилип жаткан усулдук материалдар биз сыяктуу жаш кызматкерлер үчүн абдан маанилүү деп айтсак жаңылышпайбыз. Бүгүн Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилген “Тармактык профсоюз өнүгүү жолунда” аттуу 4-китепчедеги усулдук материалдар менен таанышышты.

 14.02.2019      767       Кесиптик бирлик региондордо

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН АГАЙ...

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН АГАЙ...

Көөдөнүмдө кайнаган реалдуу ойлордон жаралган төмөндөгү чакан макаламды, куттуктоо иретинде жакында өзүнүн докторлук дицертациясын ийгиликтүү коргоп, илим изилдөө жолундагы бийик ашууну ашып отурган Бекмурза Зулуев агайымдын жеке бейнесине арнайм. Жетекчи – бул жол баштоочу. Жетекчинин максаты кимдир бирөөнү башкаруу эмес - уюмун өнүктүрүү. Ал муну кызматкерлерин өркүндөтүү менен ишке ашырат. Аларга жол көрсөтүп, өзүнө болгон ишеним берип, күчтүү кадрларды топтойт. Бул аракеттер ар бир жетекчинин максатындагы көрүнүштөр. Мына ошол жетекчилик кызматтардын бирин татыктуу аркалап келе жаткан, аткарган иши менен сүйлөгөн сөзү дал келип, алгылыктуу ишмердүүлүк жүргүзүү менен миңдеген студенттердин, жамааттын жана коомчулуктун көңүл борборунда жашап келген Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Зулуев Бекмурза Бекболотович.

 14.02.2019      1308       Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлык - жаңы ийгиликтерге шыктандырат!

Сыйлык - жаңы ийгиликтерге шыктандырат!

2019-жылдын 8-январь күнү КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму болду. Ага облустук комитеттин карамагындагы бардык профсоюздук уюмдардын төрага, төрайымдары жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен конкурста жеңүүчү болгон баштапкы уюмдардын жетекчилери, профсоюз лидерлери катышышты. Кеңешме алды менен салтанаттуу маанай жараткан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен башталды. Обкомдун төрагасы республикалык жана облустук конкурстарга активдүү катышып, жеңишке ээ болгон жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атап, профсоюздук ишмердүүлүктө мыкты ийгиликтерди каалап, баалуу сыйлыктарды тапшырды. ЖАМУнун профсоюздук комитети, төрагасы К.М.Болотбеков, Республикалык “Проф Com Интернет конкурсунун” “Баштапкы

 14.02.2019      812       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун математика мугалимдеринин семинары

Лейлек районунун математика мугалимдеринин семинары

2019-жылдын 9-февралында Лейлек районунун Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде райондун мектептеринин математика мугалимдери үчүн райондук усул каананын усулчулары тарабынан уюштурулуп даярдалган “Математика сабагын өтүүдө окуучуларды кызыктыруу” атуу темада семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты окуучуларды математика сабагын окуп үйрөнүүгө кызыктыруу жана интерактивдүү досканы колдонууну үйрөнүү болду.

 14.02.2019      807       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районун О.Сапаров атындагы орто мектебиндеги иш чара

Лейлек районун О.Сапаров атындагы орто мектебиндеги иш чара

2019-жылдын 4-февраль күнү Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде диний экстремизмдин, терорризмдин, радикализмдин, зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана 2019-жылдын 1-январында кабыл алынган бузуулар кодексиндеги мыйзамдар жөнүндө жыйналыш өткөрүлдү. Жыйналышка Баткен облусттук дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси А.Жакыпов, Катыраң айылынын мечитинин башкы имамы А.Шаботоев, райондук укук коргоо кызматкерлери, мектептин жетекчилиги, мектептин окуучуларынын ата-энелери, 9-10-11-класстардын окуучулары катышышты.

 14.02.2019      682       Кесиптик бирлик региондордо

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетине ыраазыбыз

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетине ыраазыбыз

2019-жыл 8-февраль күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин жыйынтыктоочу президиуму болуп өттү. Ал жыйынга Региондорунду өнүктүрүү жылына карата “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы -2018" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да катышты. Жыйынды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап баалуу белектерди тапшырды. Бул ийгиликке жетишибизге түздөн-түз социалдык өнөктөш катары бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салым кошкон

 13.02.2019      792       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында өрт коопсуздугун алдын алууга машыгуу болуп өттү

Жалал-Абад шаарында өрт коопсуздугун алдын алууга машыгуу болуп өттү

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 “Алтын-Балалык” балдар бакчасында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын машыгуу болуп өттү. Машыгуу өрт коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында өткөрүлдү. Машыгууга ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы бөлүмү, медицина, милиция кызматкерлери жана шаардык билим берүү бөлүмү, профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин адистери катышышты.

 13.02.2019      860       Кесиптик бирлик региондордо

Президиум өткөрүлдү

Президиум өткөрүлдү

2019-жылдын 8-февраль күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өтөрүлдү. Анын ишине президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары 2018-жылда тармактык профсоюзда өткөрүлгөн кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлегендер чакырылып, алар Жобого баалуу белектер менен ылайык сыйланды.

 13.02.2019      745       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди

Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди

2019-жыл 9-февраль күнү Ноокен районундагы № 35 Ш. Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкананын курулушу толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди. Ашкананын жалпы сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзөт. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен каралып, заман талабына ылайык салынды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 59 миң 110 сом бөлүнүп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар, эмеректер алынды. Мектеп жамааты 27 миң сомго тамак бышыруучу меш жана муздаткыч алып беришти.

 13.02.2019      727       Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиуму   “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү   санариптештирүү жылында 2019-жылды    тармактын райондук,  шаардык профсоюз    комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ   профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин    социалдык натыйжалуулуктарынын жылы”  деп токтом кылды. Жылдын алкагында   салттуу республикалык тармактык “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”  кароо-сынагы уюштурулат, ага Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттери, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттери жана  илимий мекемелердин профсоюз комитеттери  катыша алат.

 12.02.2019      1949       2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Бүгүн Ноокен районундагы Сакалды айылында жайгашкан №14 “Нооруз” балдар бакчасында Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Ооган согушуна биздин Чоң-Багыш айылынан ондон ашуун жигиттерибиз катышып, Ооган элинин тынчтыгын, бейпилдигин сактоо үчүн, жаштыгын, гүлгүн курагын, ден соолугун аябай душман менен бетме-бет келип салгылашып келишкен. Ошол жоокерлерден жолугушууга Жунусов Мурат, Эгембердиев Шавкат, Мамадеминов Равшан, Абдрасулов Камил, Жолдошев Сатар агаларыбыз келип катышышты.

 08.02.2019      1145       Кесиптик бирлик региондордо