«Селсаяк өспүрүмдөрдүн проблемалары” диспуту
И Арабаев ат. КМУнин чет тилдери кафедрасы тарабынан уюштурулган «Селсаяк өспүрүмдөрдүн проблемалары” аттуу диспут англис тилинде өттү .
Бул талкуунун темасы алдын ала берилген, ошондуктан Кыргызстандагы бул социалдык илдеттин абалы жөнүндө студенттер өтө жоопкерчилик менен жакшы даярданышкан. Диспуттун жүрүшүндө ушундай абалга дуушар болгон балдардын терс адаттарга эрте кабылаарын (наркомания, алкоголизм, уурулук) белгилешти. Ошондой эле негизги себептери деп кыргыз менталитетине ылайык кылымдар бою калыптанган үй-бүлөлүк институттун бузулганын, тарбия маселесинин туура жолго коюлбагандыгын айтышты. Ар бир туура жоопко, маанилүү пикирге жана суроого катышуучулар упай алып жатышты. Топтогон упайларына ылайык төмөндөгүдөй иретте диспут-сынак жыйынтыкталды:
1-орун Элдияр уулу Дархан- Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети. 2-орун Сагыналы кызы Бактыгүл – Жаңы технологиялар институту. 3-орун Абдыманапова Айгүл- Педагогика институту. 4-орун Эшкожоева Мээрим-колледж. 5 орун Манапова Гүлнара-колледж. 6 орун Умаралиева Тахмина- Химия биология факультети. 7-орун Орокчуева Алина- Химия биология факультети.8-орун Намазбек к АйтолкунХимия биология факультети . Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана белектер тапшырылды.