Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

2024-жылдын 21-июнь күнү "Жыл мугалими -2024" кароо-сынагынын жана "Жылдын мыкты тарбиячысы-2024" кароо сынактарынын облустук турунда байгелүү 1-2-3-орундарга ээ болгон  Кызыл-Кыя  шаарына караштуу  билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер жана тарбиячылар Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун 1-2-3- даражадагы дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

Сыйлоо иш чарасы Кызыл-Кыя шаарында мэр Маткалыков Асилбек Жоробаевичтин катышусунда өттү. Ошондой эле Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кызыл-Кыя шаарБББ башчысы менен Кызыл-Кыя шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрайымы, жеңүүчү мугалимдер катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитети