Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы элдик жыйын

          Ушул жылдын  13 февраль  күнү  Токтогул  районуна караштуу  Бримкулов  атындагы  иновациялык  гимназиясынын  чоӊ  залында  Токтогул районунун айыл  өкмөттөрүнүн  элдик  жыйыны болуп  өттү.  Бул  жыйынга  Токтогул  райондук  администрациясынын  башчысы М. Асанканович, айыл  өкмөттөрдүн  башчылары  жана  айыл  аймактардын  депутаттары  катышышты.  Жыйындын  жүрүшүндө  айыл   өкмөттөрдүн  2016-жылга  жасаган  иштеринин,  спецфондон бөлүнгөн акча каражаттарынын  бөлүнүшү  тууралуу  отчеттору  угулду.  Ошондой  эле социалдык  тармакта  койгойлуу  маселелер, турак  жайы  жок жаш  үй бүлөөлөрдүн  турак  жай  тургузуу  үчүн  жер болуп  берүү  жөнүндө  арыздары  талкууланды.

   Андан  соӊ  Токтогул  районунун  акими  М. Асанканович элдин койгойлуу   суроолорун   угуп  суроолоруна  жооп  берди.   Ошону  менен  бирге  аким  келечекте  жасала  турган  иштердин,  алдыдагы  алгылыктуу проектердин  пландалып  жатканын  элге  угузуп  кетти.