Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун кесипттик майрамы

 

                            Профсоюздун  кесипттик   майрамы

 

 

Социалдык коргоо жана профсоюздун күнүнѳ карата  Алай районундагы билим берүү кызматкерлер профсоюзунун райондук комитети 17-октябрда атайын жыйын ѳткѳрдү.

             Бул  жыйынга райондогу бардык мектептердин жана бала бакчалардын  мектептен тышкаркы мекемелердин  баштапкы профсоюз уюмдарынан тѳрага тѳрайымы болуп 65 адам катышты.

 Бул жыйында райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Д.А.Жээнбеков, мамлекеттик кызматкерлер профсоюзунун Алай райондук комитетинин    мурдагы тѳрайымы Ж.Жороевалар чакырылып, куттуктоо сѳздѳрүн айтышты.

            Билим берүү кызматкерлер  профсоюзунун Алай райондук комитетинин тѳрагасы А.Каримов профсоюз кызматкерлеринин  куттуктоо менен  райондук комитеттин азыркы күндѳгү  аткарып жаткан   иштери жана милдеттери жѳнүндѳ кыскача  билдирүү жасады

             Райондо 2013-жылдын 1-августуна чейин 61 баштапкы уюм болсо, азыр 74 өстү,  себеби мурда айыл округдарына караштуу балдар бакчалары  билим берүү профсоюзуна  караштуу болуп калды. 

            Бардык мектептердин эмгек акылары  райондун  борборлоштурулган  бухгалтериясы аркылуу  тѳлѳнүп жаткандыктан эмгек акыларды туура эсептеп  тѳлѳп  берүүдѳ  профсоюздардын ролун баса белгиледи. Айрыкча тарификация түзүүдѳ мыйзамдуулукту сактоого кѳңүл буруу керек. Мындан ары  12 бала бакчанын эмгек жамааты, 53 мектептеги техникалык кызматкерлер баары билим берүү профсоюзуна караштуу болуп калгандыктан мүчѳлѳрдүн саны 600 гѳ чейин кѳбѳйүшү күтүлүүдѳ.

            Аларга  ошончо санда жаңы профсоюз билеттерин, жаңы Эмгек Кодексин алып берүү,    курорт санаторияларга жѳнѳтүү керектигин белгиледи.

            2013-жылы   жайында   Ысык-Кѳлдѳгү «Академия наук» пансионатына 22 адам, Оштогу «Ош», «Мамакеев» пансионаттарына 25 адам дарыланууга жѳнѳтүлдү. Ар бир профкомго ай сайын  150 сомдон  сыйлык эмгек акы ордуна  берилүү колго алынган.

            Акырында профсоюзда иштеген үзүрлүү  жана кѳп жылдык эмгектери  үчүн 18 профком Борбордук комитетинин тѳш белгилери жана граматаларына татыктуу болду. Ош облустук комитетинин, Алай райондук комитетинин грамоталары менен сыйланышты. Жыйын ар түрдүү суроо-жооптор,  усулдук кѳрсѳтмѳлѳр  менен жыйынтыкталды.

            Акырында ар бир катышуучуга сый тамак ордуна акчалай сыйлыктар жана кѳптѳгѳн  усулдук басылмалар таркатылып берилди.

 

 

 

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Алай райондук

комитетинин тѳрагасы:                                                                          А.Каримов