ОшМУда “Кыш-2015” маданий-спорттук эс алуу күнүндө 300дөн ашуун жамаат мүчөлөрү биргеликте эс алышты
Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз уюму университеттин жалпы кызматкерлери жана студенттери үчүн “Чыйырчык” лыжа-базасында “Кыш-2015” маданий-спорттук эс алуу күнүн уюштурду.
Эс алууга барышкан 300дөн окутуучулар, студенттерге уюштуруучулар тарабынан акысыз тамак-аштар берилип, оюн-зооктор өткөрүлдү.
Эс алуунун жүрүшүндө чокуну багындыруу марафондорунда, “Мыкты кар киши” жасоо, лыжа тебүү конкустарында алдыңкы орундарга ээ болгон жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, эс алуу мезгилинде медициналык кызматкерлер коштоп, студенттер үчүн транспорттор да уюштурулду.