Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ ардагерлерине сый тамак уюштурулду

Ош мамлекеттик университеитнин 85 жылдык  мааракесине карата ОшМУда иштеп кеткен жана азыркы учурда иштеп жаткан кызматкерлерге  сый  тамак уюштурулду. Кечеге жалпысынан 600дөн  ашуун  конок  келди.  ОшМУ  ректору  Кудайберди Кожобеков куттуктоо сөз айтып,  кечени ачты. Сый тамак  учурунда  концерттик  программа  жана  оюн-зооктор  уюштурулуп, кече көңүүлдү өттү. Келген конокторго ОшМУ ректору Кудайберди Кожобеков жана ОшМУ кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э.Саттаров ыраазычылык  каттарын тапшырышты. Ардагерлердин ак батасы  менен  салтанаттык  кече  жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети