Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

    20-октябрь күнү  ОГПИнин “Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы тарабынан Социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

     Иш чараны Гуманитардык факультеттин деканы ф.и.к., доцент А.Т.Абжалов жана кафедранын башчысы Н.Сагынбай кызы ачып, кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап өтүштү. Ошондой эле окуу жайдын кесиптик кошууну  тарабынан каралган акчалай сыйлыктарды, мыкты окуп, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге жана окутуучуларга тапшырышты.

    Аталган майрамдык кече таланттуу студенттердин уюштуруусунда концерттик программа менен коштолуп, ошону менен бирге эле коомубуздагы социалдык терс көрүнүштөрдү сахналаштырып көрүүчүлөргө тартуулашты.