Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директорлорунун семинар-кеңешмеси

2024-жылдын 13-июнунда Жети-Өгүз районундагы  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерининин Билим жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан семинар-кеңешмеси өткөрүлдү. Семинар-кеңешмеге райондогу 18 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө райондук  билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Абдыкадырова «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандап алууну өткөрүүнүн  тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы №273 токтому менен тааныштырып, токтом боюнча суроо-жооптору уюштурулду.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов райондук кесиптик бирлик комитетинин 2023-2024-окуу жылында аткарылган иштер боюнча маалымат менен тааныштырды. Ошону менен бирге 2023-2024-окуу жылынын аякташы менен  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 1 күндүк эс алуусуна бөлүнүп жаткан акча каражаттары, кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу боюнча өткөрүлүүчү кароо-сынактар жана эс алууларды уюштуруу иштериндеги кызматкерлердин  коопсуздугун сактоо иш чаралары, эс алуунун уюштуруунун шарттары боюнча нускама менен тааныштырды.

Семинар-кеңешменин 2-бөлүгүндө семинар кеңешменини катышуучуларына сый тамак уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети