Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Максаттар жана милдеттерди аткарууну камсыздайлы!» темасындагы райондук семинар

                     2015-жылдын   10-февралында Ноокен  районунун  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  жетекчилеринин райондук  семинары  №16  Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  базасында өткөрүлдү. Семинарда райондук  профсоюздук  уюмдун 2014-жылдагы аткарган иштери  жана 2015-жыл   үчүн  милдеттери жөнүндөгү кеӊири  маалыматтар берилди. 

                     Билим  берүү  кызматкерлеринин социалдык-экономикалык  маселелерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жергиликтүү  кеӊештин  депутаттарынын жардамы  менен  чечүүнүн багыттары көрсөтүлдү.        

                   Баштапкы профсоюздук уюмдарда  чогулуштарды  даярдоо  жана  өткөрүү  боюнча  №9 Паяз (профкому  Асанова Г.), №8 Орозматов (профкому Маматова З.), №3 «Мээрим»(профкому Момуналиева Н.) профсоюздук  уюмдардын  иш  тажрыйбалары  менен  таанышылды.

                  Жайкы  эс алууну  уюштуруу боюнча  №6 «Арал»(профкому Зияшева К.), №16 Турусбеков(профкому Тагаева Н.) , №1 «Ак-Кайын»(профкому  Айдакеева А.)  профсоюздук  уюмдарынын  жетекчилери жетишкен  ийгиликтери жөнүндө ой-пикирлерин  бөлүштү.

 

           Мелдешкен  жамаaттардын  ортосундагы  тажрыйба алмашуу  иш-чарасынын  жүрүшү  жөнүндө маалыматтар угулду.

                «2015-жылдын  мыкты профсоюздук  уюму  жана төрагасы»  райондук  кароосунун  шарттары  берилди. Республикалык «Жаш  профсоюздук  лидери-2014» кароосунун  катышуучусу №34 «Жазгак» мектебинин  профсоюздук  уюмунун төрайымы  Халматова  Майрамга Билим, илим  профсоюзунун Борбордук  Комитетинин «Ардак  Грамотасы»  тапшырылды. Семинардын  89  катышуучусу максаттар  жана  милдеттерды  ишке  ашыруу үчүн жаӊы  багыттарды  алышты.

 

Тагаева  Нургул-  №16 Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин профкому