Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максаттар жана милдеттер белгиленди

2014-жылдын 24-сентябрында Ноокен  районунун  №31 Ж. Татыкулов  атындагы  орто  мектебинде райондук  «Ачык  эшиктер  куну»  иш чарасы жана  райондук  билим берүү бөлүмүнүн  коллегияси менен  билим, илим  профсоюзунун  райондук  комитетинин биргелешкен кенешмеси болуп  оттуу. Иш-чарада инновациялык ыкмалар  менен сабактар, мамлекеттүүлүктү бекемдөө  жылына жана мамлекеттик  тил майрамынын  25 жылдыгына карата  класстан  тышкаркы тарбиялык  иш-чаралар өтүлдү. Иш-чараларга  55 мектептердин,  29  бакчалардин  директорлору, ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.                                                                                                                                                                                                      

                    Биргелешкен  кеӊешмеде  2014-2015-окуу  жылынын иш  пландары, жамааттардын  ортосунда мелдештерди уюштуруунун шарттары, класстык комплекттерди бекитүү маселелери каралды. Кеӊешмеде Борбордук  Комитеттин  Ош шаарында  өткөн 4-Пленуму жөнүндө маалыматтар  берилди.