Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иштиктүү маанайдагы отурум

Аксы районуна караштуу Н. Мамбетов мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү үчүн кезектеги отурум болуп өттү.

Жыл ичинде мектеп турмушуна көптөгөн ийгиликтерди алып келген мыкты мугалимдери профсоюздун Ардак грамоталарына көрсөтүлдү.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы менен Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин "Ардагер мугалим" төш белгисине - Эрбаев Топчубек, Аданова Кымбат сунушталды. Областык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасына Туралиева Сатина, райондук кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасына Дыйканбаева Лира, Мырсалиева Уулбү, Эргешова Гулзада көрсөтүлдү. 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети