Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо айлыгы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги президиумунун N4/1 токтому менен 28-апрелден 28-майга чейин Эмгекти коргоо боюнча бир айлык жарыяланган.

Анын негизинде Ноокен райондук кесиптик бирлиги жана баштапкы кесиптик уюмдары тарабынан бир нече иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү.

Атап айтсак, флешмобдор, ардагер мугалимдерден кабар алуулар, тегерек стол, жыйналыштар, спорттук иш-чаралар жана кызматкерлердин коопсуздукту сактоо боюнча билимин жогорулатуу максатында райондук ӨКБ кызматкерлери менен жолугушуулар уюштурулду.

Белгилей кетсек, ушул айлыктын алкагында атайын конкурс жарыяланган,  иш-чараларды мыкты денгээлде өткөргөн баштапкы кесиптик уюмдары Ноокен райондук кесиптик бирлигинин жыйынтыктоочу иш-чарасында сыйланышат.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Бакиров, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору