Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бакчалардын директорлору Москвада

         Ноокен  районунун алдынкы  бакчаларынын  директорлорунан  турган  делегация  2016-жылдын  6-12-декабры  күндөрү  Москвада шаарында иш  сапары  менен  болдук. Делегациянын  курамында  №2 “Ак-Куу” бакчасыынын  директору Расулова  Гулмира  Камытбековна, №6  “Жылдыз” бакчасынын  директору Абдувалиева  Махпуза  Гафуровна, №15  “Жомок” бакчасынын  директору  Сапароова Арзыкан  Тойчиевна,  №19 “Бахор”  бакчасынын  директору  Абдуллаева Савлат Мухтаровна, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн башкы  бухгалтери  Осмонова Зулайка Куватовна-делегациянын башчысы  болуп Москва  мамлекеттик педагогикалык  Университетинин  мектепке  чейинки  педагогикалык  жана  психологиялык  факультетинин   90  жылдык  юбилейине  арналган илимий-педагогикалык  конференцияга катыштык.  Москва сапарынан районубузга  көп  жаңылыктар жана  бийик  максаттар  менен кайттык. Биздин  иш  сапарыбызды  уюштуруп,  жакындан  жардам  берген райБББнун  башчысы  Б.Козуевке  жана   айыл  Өкмөтүнүн башчыларына ыраазычылык  билдиребиз.

Материалды  даярдаган, Билим, илим  кызматкерлеринин кесип  бирлигин  Ноокен  райондук  комитетинин президиумунун  мүчөсү, №6 “Жылдыз”  бакчасынын  директору  М. Абдувалиева.