Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Жаңыча иштөө- жалпыбыздын милдетибиз

2014-жылдын 18- сентябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер  профсоюзунун  Борбордук Комитеттин IV көчмө пленуму болуп өттү.

IV көчмө пленумдун ишине  облрайшааркомдордун, ЖОЖ профкомдорунун төрага-төрайымдары, БК аппаратынын кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кењешинин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, тармактык профсоюздун активисттери катышты.

 

Пленумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасы,  КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов  ачты. 

Пленумда төмөнкү маселе каралды:

1. Тармакта эмгектенгендердин  жана студент  жаштардын социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо  жаатында өз ара кызматташууларды жаңылантууда мүчөлүк уюмдардын иштеринде инновациялык ыкмаларды жана усулдарды колдонуу боюнча  Борбордук Комитеттин  ишмердүүлүгү жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Т. Токтогуловдун  “Тармакта эмгектенгендердин  жана студент  жаштардын социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын  коргоо  жаатында өз ара кызматташууларды жаңылантууда мүчөлүк уюмдардын иштеринде инновациялык ыкмаларды жана усулдарды колдонуу боюнча  Борбордук Комитеттин  ишмердүүлүгү жөнүндө”  доклады “Позиция профсоюза”  газетасына жарыялангандыгына  жана пленумдун катышуучуларына алдын ала  таратылып берилгендигине  байланыштуу Борбордук Комитеттин аппарат кызматкерлери  айрым  маселерге токтолуп сөз сүйлөштү.

 

 

Докладды талкуулоого  жарыш сөзгө төмөнкүлөр  катышышты:

 

-                    профсоюздун Баткен обкомунун төрагасы Бөтөков Завиридин Насирович,

-                    профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич, 

-                    профсоюздун Ош обкомунун төрагасы   Тойгонбаев Сабыр Абдувапович,

-                    профсоюздун Ысык- Көл областы боюнча жооптуу уюштуруучусу жана Жети  - Өгүз  райондук профсоюз комитетинин төрагасы Молдокматов  Өмурбек Кыдырганович,

-                    ОшМУнун профкомунун төрагасы Аккулов  Абжапар Ураимович.

 

 

Борбордук Комитеттин  пленуму  күн  тартибинде  каралган маселелер  боюнча  тиешелүү  токтомдорду кабыл алды .