Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Эмгекти коргоо айлыгы Бишкек шаарында

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин демилгеси менен 2024-жылдын 22-майында, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия комплексинде “Кесиптик бирлик – билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!” темасында семинар-жыйын болуп өттү.

Семинар-жыйынга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Султанбаев, Бишкек шаардык билим берүү Департаментинин башчысы Р. Мусаева, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т. Бараханов, Октябрь, Ленин, Свердлов жана Биринчи май райондорундагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышышты. Анда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Султанбаев билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кесиптик бирликтин Борбордук Комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолуп, социалдык өнөктөштөр болгон мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорун билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо биргелешкен натыйжалуу иштерди алып баруунун маанилүүлүгүн кесиптик бирлик уюмдары билим берүү кызматкерлеринин эмгек укугун коргоо башкы милдеттери экендигин айрыкча баса белгиледи.

Андан соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Унивеситетинин юридика факультетинин ага окутуучусу Г.Такырбашева "Эмгекти коргоо" боюнча слайд коштогон лекция окуп, эмгек укуктарын коргоо тууралуу жана иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелер туурасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Өз кезегинде Бишкек шаардык билим берүү Департаментинин директору Р. Мусаева кесиптик бирликтин Борбордук Комитети, кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети менен биргеликте социалдык өнөктөштөр катары жүзөгө ашырылып жаткан иштерге токтолду. Андан кийин сөзгө чыккан кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т. Бараханов, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору жана кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын өкүлдөрү аткарар иш, аркалаган милдеттери ар башка болгону менен, көздөгөн максаттары бир экенине токтолушуп, бул багытта ар кыл деңгээлдерде түзүлгөн социалдык өнөктөштүк макулдашууларынын, эмгек келишимдеринин так жана натыйжалуу жүзөгө ашырылуусунун маанилүүлүгүн, ушул өңүттөн алып караганда алдыда турган эмгектик өргүүлөр учурунда окутуучу-педагогдордун, билим берүү жана илим жаатында эмгектенишкен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын талаптагыдай уюштурууга өзгөчө көңүл бурушуп, ойлорун ортого салышты. Аталган иштердин ишке ашырылышынын сапатына жараша кесиптик бирликтер – билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун анык кепили экени иш жүзүндө көрүнүп, айгинелерин ачык айтышты.

Семинар-жыйындын жүрүшүндө КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Султанбаев толук жана ынанымдуу жоопторду берип, кесиптик бирликтин шаардык комитетине, баштапкы уюмдарга, профактивге тиешелүү тапшырмаларды берип, социалдык өнөктөштөрдү эгемен өлкөбүздүн илим-билими үчүн кам көрүп, эртеңки күндүн ээлерине терең билим, татыктуу тарбия берүүдө, окутуунун сапатын жакшыртууда, мына ушул маанилүү мамлекеттик вазийпаларды ишке ашыруучулар – билим берүү жана илим кызматкерлеринин укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо жана сактоодо биргелешип иштөөгө чакырды.

Семинардын алкагында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарбынан “ КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик кыймылынын отличниги” төш белгиси менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн директору Ем Любовь Михайловна, №31-мектеп гимназиясынын директору Омурзакова Тажыбүбү Омурзаковна жана №61-мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Измайлова Нина Владимировна ал эми КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Ардак громатасы” менен  №102-орто мектебинин директору жана  шаардык кесиптик бирлик комитетинин президиумунун мүчөсү Мусиева Гульнара Амантуровна, №1-орто мектебинин директору Абдылдаева Анара Ильясовна, №171-мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Жанчороева Айгүл Самутдиновна жана №186- мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Майгулакова Дилнара Жолдошевна сыйланышты.

Семинар-жыйын айтылгандай иштиктүү маанайда, өз ара пайдалуу ыңгайда өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети