Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

«Эмгек укуктары» кербени Шамалдуу-Сай шаарчасында

“Эмгек уктары” кербенинин мүчөлөрү 2024-жылдын 17-майында Шамалдуу-Сай шаарчасында Жалал- Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал,  Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр , Майлуу-Суу шаарларынын кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Султанбаев жолугушууда эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен “28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” катары жарыяланганын,  бул күн эмгекчилердин коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууга багытталганынан токтолду.

Аталган айлыктын алкагында кызматкерлердин эмгектик укуктарын коргоодо Мыйзамдардын сакталышы боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында кесиптик бирликтин Борбордук Комитети тарабынан “Эмгек укуктары” кербенин өткөрүп жатканын, ал областтык, райондук, шаардык комитеттери, баштапкы кесиптик уюмдары менен биргеликте 2024-жылдын 13-майынан 23-майына чейин республиканын бардык аймактарында улана турганын белгиледи.

Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты Качкын кызы Гульназ жолугушуунун катышуучуларына эмгектик укуктар маселелери боюнча кенен айтып берүү менен, кесиптик бирлик уюмдарынын иш тажырыйбасында пайдаланылуучу мыйзамдардын маани-маңызына токтолуп, алардын практикалык иште туура жана натыйжалуу колдонуу жол-жоболорун түшүндүрдү.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, кесиптик  бирликтин Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, кесиптик бирликтин Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиев, кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрагасы З.Атакановдор сөз алышып,  келишимдердин жана 3 тараптуу макулдашуулардын мазмуну жаңыланып,  кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык – экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодогу ролун жогорулатуу боюнча  жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

Кесиптик бирликтин мүчөлөрү С.Атамкулова, Н.Тотоева баштапкы уюм менен мектептин жетекчилигинин ортосундагы карым-катнаш  маселелерин өркүндөтүү, келишимде каралган талаптардын аткарылышына дайыма көзөмөл уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жана акырында Борбордук Комитеттин төрагасы А.Султанбаев катышуучулар тарабынан берилген суроолорго кеңири мазмундагы жыйынтыктоочу сөзү менен жооп берди.

 

Маалыматты даярдаган:  А.Бегматов, кесиптик Жалал-Абад областтык комитетинин кызматкери