Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

"Эмгек укуктары" кербени Көл калаасында

2024- жылдын 15-майында Балыкчы шаарында "Кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, укуктук, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!" семинары өтүп жатат.

           

Семинарга КР Билим жана идим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, социалдык -  экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева, Ж.Баласагын атындагы КУУ юридикалык факультетинин ага окутуучусу Г. Такырбашева, Ысык- Көл индустриялык-педагогикалык колледжинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Курманбекова, Ысык-Көл, Тоң районунун, Балыкчы шаарынын мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары, кесиптик бирликтин активдери, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл райондук комитетинин төрагасы Э.Курманбаев, Тоң райондук комитетинин төрагасы Муратбек уулу Назар, Балыкчы шаардык комитетинин төрайымы К.Керимова катышып жатышат.

Семинарда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова Кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип өттү.

Андан кийин Ж.Баласагын атындагы КУУ юридикалык факультетинин ага окутуучусу  Г.Такырбашева " Эмгек укуктарын коргоо боюнча" кеңири слайд менен маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Семинардын катышуучуларына Кыргызстандагы Ф.Эберт фонду тарабынан "Эмгекти коргоо" боюнча даярдалган видеороликтер корсотулуп, семинардын катышуучуларынын кызыгуусун жана талкууларды жаратуу менен окутуу семинары пайдалуу өтүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети