Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

«Эмгек укуктарды коргоо» кербени

Каракол шаарында К. Тыныстанов атындагы КМУ "Толкун" эстетикалык борборунда 2024- жылдын 16- майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак- Суу, Түп, Жети- Өгүз райондорунун, Каракол шаарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары , кесиптик бирликтердин активдери, К.Тыныстанов атындагы КМУ кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн жана социалдык өнөктөштөр болгон мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин катышуусунда 28- апрель "Буткул дуйнолук эмгекти коргоо кунуно" карата КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин "Эмгекти коргоо"  боюнча бир айлыгынын алкагында "Кесиптик бирлик- билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили! аталышында семинар - жолугушуу өтүп жатат. Семинарга Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ысык-Кол областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманалиев Канагат Нургазиевич катышууда.

Анда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова    кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аткарып жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан кийин Ж.Баласагын атындагы КУУ юридикалык факультетинин ага окутуучусу Г.Такырбашева "Билим берүү кызматкерлеринин эмгектерин коргоо" боюнча маалыматтарды берип, кесиптик бирликтин активдери тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Ошондой эле эмгек маселери боюнча Ф.Эберт фонду тарабынан даярдалган видео роликтер көрсөтүлүп, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин социалдык - экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева, кесиптик бирликтин Ак-Суу райондук комитетинин төрагасы Э.Садабаев, кесиптик бирликтин Түп райондук комитетинин төрагасы М.Сыдыков, кесиптик бирликтин Жети-Өгуз райондук комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов жана Каракол шаардык комитетинин төрайымы Г.Акмолдоева кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн, активинин суроолоруна жоопторду беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети