Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Урматтуу кесиптештер!

Эгемен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин жадырап кирип келген 2018-жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктаймын.

Өтүп бараткан 2017-жыл биздин тармактык профсоюз үчүн биримдиктин жана ынтымактын жылы боло алды. Бардык деңгээлдеги профсоюздук уюмдарыбыз сандык жана сапаттык өсүүлөргө жетишүү менен уюмдаштыруу жагынан бир кыйла чыңдалып, эмгек адамдарынын укуктук жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзамдуу иштерин кыйла активдештиришти. Тармакта адептүүлүктү жана укуктук маданиятты көтөрүү боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлдү. Социалдык өнөктөштүк республикалык, областтык, райондук, шаардык, билим берүү уюму деңгээлдеринде жакшы жолго коюлгандыктан, мындай өнөктөштөр менен бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара иштеп жаткандыгыбызды сыймык менен айтууга болот. Иш орундарын аттестациялоо аркылуу эмгек коопсуздуктарын сактоо, эмгектенүү шарттарын жакшыртуу жыл өткөн сайын жакшырып бара жатат. Мугалимдерибиздин, окутуучуларыбыздын, илимпоздорубуздун жана кызматкерлерибиздин эс алууларын уюштурууну, дени сак жашоолорун орнотууну, спорт менен машыгууларын жүргүзүүнү колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу аркылуу уюштурууга профсоюз уюмдары бардык аракеттерин көрүп келатышат. Эл аралык кызматташтыгыбыз жыл өткөн сайын жаңы мааниге ээ болууда, дүйнөлүк жана чөлкөмдүк профсоюз уюмдары менен алакаларыбыз жакшыруунун үстүндө. Мына ушундай алгылыктуу аракеттерибизден улам катарларыбыз жылдан-жылга өсүп, бекемделип, чыңдалып жаткандыгын белгилөө менен аларды андан ары бекемдөө максатында бардык күч-аракеттерди жумшап жатабыз.

Жакында тармактык профсоюзубузда жыл жыйынтыгын чыгарып, жетишилген ийгиликтерибизди көрсөтүү менен алдыда турган милдеттерди так жана ачык белгилеп, аларды аткаруунун жолдорун аныктап алдык. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча аткара турган иштер арбын, бул жаатта Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана өлкөнүн билим берүүжана илим министрлиги менен салтка айланып калган сүйлөшүүлөр аркылуу аракеттерибизди  уланта бермекчибиз.

Жыл тогошкондо дилинде тазалык жана аруулук орногон адамдар бири-бирине жалаң гана жакшылыктарды каалашат. Анан да улуу кыргыз элинде “Эмнени тилек кылсаң, Жараткан ошону берет” деген бекем туюм жашап келет. Анын сыңарындай, мен дагы бардык кесиптештериме, көп сандуу профсоюзубуздун ардактуу мүчөлөрүнө узак жашоону, чың ден соолукту, күжүрмөн эмгекти, көөнөрбөс кайратты, жамааттарында жана үй-бүлөлөрүндө бакты-таалайды кенен-кесири каалап кетем!

Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздерди терең урматтоо менен,

А.ТОКТОГУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана

 илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Борбордук  Комитетинин төрагасы