Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Турцияга сапар бийик максаттарга милдеттендирди

   Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү  жана  илим   кызматкерелеринин  кесип  бирлигинин  Борбордук  Комитетинин   иш  планына  ылайык  Турция  мамлекетинин   Анталия  шаарына  иш  тажрыйбалар  алмашуу  максатында  2016-жылдын 22-28-сентябры  күндөрү кызматтык  сапарда  болдук.  Кырыгзстандын  делегациясынын  курамында Борбордук Комитеттин төрагасы  А.Токтогулов, ЖаМУнын  бириккен кесиптик  бирлигинин  төрагасы  Болотбеков К.М, Алай  РКнын  төрагасы  Абдыкадыров А.К.,Араван РКнын төрагасы  Турдубаев Б.А.,Кадамжай  РКнын  төрагасы Момошев А.Ю,Кызыл-Кия ШКнын  төрайымы Буванова  М.А  жана мен-  Нышанов  К.К. Ноокен  РКнын  төрагасы болуп иш  сапарында болдук.

   Турциянын  Билим берүү  кызматкерлеринин  Профсоюзунун Баш президенти   Исмаил Конжук менен  жолугушу  болуп иш  тажрыйбалар  жөнүндө  маалыматтар  алдык.   Анталия шаарынын  кооз  жерлери  менен  тааныштык.  Делегация Турция  сапарынан алдыбызга  бийик  максаттар  коюп  кайттык.  Мен  жаш жетекчи  катарында   сапардан  коп материалдар алдым,  мага  ушундай   мумкунчулук  түзүп  бергендиги  үчүн Борбордук   Комитеттин  төрагасы А.Токтогуловко ыраазычылык  билдиремин. Тажрыйба  алмашуу  сапары  келечекте  бийик  максаттарды   аткарууну  милдеттендирди.

Билим, илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин  Ноокен   райондук  комитетинин  төрагасы-К.К.Нышанов.