Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Түрк дүйнөсүнүн биримдигин көздөгөн Конгресс

    Туркия билим берүү профсоюзу тарабынан уюштурулуп, ушул жылдын 1-4-декабрь күндөрү Анталия шаарында өткөрүлгөн, Ходжа Ахмед Ясавини эскерүүгө арналган Түрк дүйнөсүнүн педагогикалык жана социалдык илимдер тармагындагы Эл аралык конгрессине Кыргызстандын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жөнөтүлгөн, курамына 10 киши: А.Аккулов – ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, г.и.к., доцент; М.Оңолбаев – Арабаев атындагы КМУнун жаштар иштери боюнча проректору, п.и.к. доцент; Ч.Арыкова – КМФ ж-а САнын спорттук оюндар кафедрасынын доценти; А.Машрабов – БатМУнун проректору, ф.и.к., доцент; С.Алыгулов – КМАТКУнун улук окутуучусу, профкомдун төрагасынын орун басары; А.Зулпуев – БатМУнун ректору, т.и.д., профессор; М.Таиров – БатМУнун Кызыл-Кыя табигый жана технологиялк илимдер институтунун директору, ф.м.и.д., профессор; К.Сариева – КРнын УИАнын Философия жана укук институтунун улук илимий кызматкери, ф.и.к.;  К.Караханиди – КМАТКУнун жаштар менен иштөөнү уюштуруу кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент; С.Нурматова – Раззаков атындагы КМТУнун атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүм башчысы, профкомдун төрагасынын орун басары кирген делегация катышып келдик.                                                                           

    Конгресстин иш программасына ылайык пленардык жана 10 секцияга бөлүнгөн отурумдарда дүйнөнүн алыскы жана жакынкы Казахстан, Кыргызстан, Азербайджан, сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрүнөн, ошондой эле  Косово, Македония, Крымдан жана Түркиянын түрдүү аймактарынан келген 1200дөн  ашуун аалымдар, илимпоздор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин 480 доклады угулду.  Биз үчүн таң калыштуудай көрүнгөн жагдай бул – профсоюз тарабынан өткөрүлүп жаткан Конгресстин ишинде саясый партиялардын өкүлдөрү катышып куттук айтып жана “Адатта биз саясый аренада жүрсөк да профсоюздук бул иш-чарага катышып жатканыбыз өзара пайдалуу болоорун билебиз” деп чыгып сүйлөгөндөрү болду.                         

   Түрк дүйнөсүнүн жалпы географиясы жана тарыхы, педагогикалык, социалдык жана гуманитардык проблемалар, технологиялардын жана адамзаттын өнүгүшү жөнүндөгү, глобалдык интеграциялар боюнча кызыктуу докладдарда билим берүүнүн структурасын жана философиясын өзгөртүү саясатында батыштык технологиялар менен моделдерге таянбастан жаңы, чыгыш баалуулуктарына негизделген багыттарын иштеп чыгууга басым жасалды. Түрк дүйнөсүнүн мындай өздүк сапаттуу стандарттары келечекте бүткүл дүйнө менен атаандашууга, ошондой эле, аларды экспорттоого жетишүүгө толук мүмкүндүктөр жаралып жаткандыгы белгиленди. Анткени европалык Ренессанстын өзөгүндө чыгыш философиясы, маданияты жана адабияты болгондой эле, азыркы учурдагыдай дүйнө коомчулугунда адамгерчилик сапаттын таңкыстыгы пайда болгон шарттарда түрк элдерине таандык касиеттердин маанисин арттыруу, муну менен жакшы билимге, жакшы мүнөзгө ээ нравалык лидерлерди, адамгерчиликтүү жаңы муунду тарбиялап өстүрүү олуттуу маселе болуп тургандыгы жөнүндө кенен сөздөр болду. Өткөн тарыхтардагы европа элдеринин, совет элдеринин бүгүнкү күнү кандай болууда, андыктан түрк элдеринин келечегине Европалык биримдик, же Шанхай биримдиги кандай таасир бериши мүмкүн деген суроонун тегерегинде ой жүгүртсөк, тарыхыбыздын жалпылыгын эстесек, бул үчүн биз бир асмандын алдында түрк дүйнөсүнүн биримдигин күчтөндүрүү, туугандык карым-катнаштарды ар тараптуу жандандыруубуздун зарылдыгы жөнүндө  ойлонсок деген ойлор айтылды.            

    Албетте, бул Конгресс билим берүү жана илим профсоюздарынын Евразиялык эл аралык бирикмесинин генералдык Президенти Исмаил Конжуктун жетекчилиги алдында жогорку деңгээлде уюштурулуп, Түркиянын саясый жана экономикалык жактан кантсе да түптүү тарыхы, жогорку маданияты, бай ресурстары  бар кубаттуу өлкө экендигин дагы бир ирет көрсөтө алды десек болот. Катышуучулар үчүн концерт берилип, анда окулган патриоттук ырларды көрүүчүлөр хор менен коштоп, түрк элинин бийик духу сезилип турду. Биздин делегация түрк туугандарыбыздын чексиз меймандостугуна күбө болуп, Анталиянын эң алдыңкы Султан Сарайы жана Кремль мейманкаларында жайгашып, шаардын тарыхый жерлерине жасаган экскурсияларга көңүлүбүз кушбак болуп, алдыңкы өндүрүштүн продукциялары жайнаган соода жайларын көрүп, кооз ресторандарынан түрк ашканасынын даамын татып, ошентип Анталияга жасаган бир апталык сапарыбызда эбегейсиз таасирленип кайттык.

Абдыжапар Аккулов,                     ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент, Конгресске барган делегациянын жетекчиси 

 

 

        Жарык болсун жолубуз!

Таанып өзүн бул дүйнөдө адамзат

Тагдыр чындап татаалдашып оорлоду,

Таазим этем Жаратканга мындайда

Табыштырган тамыры бир боорлорду.

 

Акыл калчап, сөзүн айткан ортодо

Аалымдарды дүйнө жүзү бүт көрдү,

Ар аймактан өкүл келип, бул жыйын

Ааламдагы бириктирди түрктөрдү.

 

Жалпыбыз биз бир Атанын балдары,

Жаратылган баарыбызга бир асман,

Жарык болсун келечекке жолубуз

Жаратман эл, баскан жери гүл ачкан!

 

Кылымдардан кылымдарга биз барбыз

Канчалык бул болсун мейли, заман тар,

Кыйырларга таркап кеткен бүт түркүм,

Кыргыз эли – түпкү Ата-Бабаңар!