Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Талас областындагы көчмө жыйын

2024-жылдын 19-июнунда Талас областында Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Кеңешмеге Президенттин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, кесиптик бирликтин тармактык областтык, райондук комитеттеринин, баштапкы уюмдарынын төрагалары, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Төрагасы Жумадилде уулу Мурадил эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын коргоо жаатында федерацияда жүзөгө ашырылып жаткан иш аракеттер, мерчемделген реформалар, алдыдагы милдеттер жаатында кеңири маалымат берди.

Кеңешменин ишине республиканын Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев да катышты. Мындан тышкары төрага областтагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилиги, активи менен жолугушуу өткөрдү. Анда тармактык кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү – областтагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин, мугалимдердин жайкы эс алууларын талаптагыдай, уюшкандыкта өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленүү менен, конкреттүү иш-чара, милдеттер аныкталып, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле көчмө кеңешменин алкагында Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын төрагасы Жумадилде уулу Мурадил, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев ж. б. жергиликтүү бийлик, кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилиги “Барчын” балдар лагеринин абалы менен таанышып чыгышты. Балдардын эс алуу жайынын абалынын начарлыгы ачык белгиленип, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин түздөн-түз жардамы менен Президенттин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан бөлүнүп берилген 2 млн. сомду максатка ылайык, натыйжалуу пайдаланып, балдардын эс алуу жайын оңдоп-түзөөнү сапаттуу жүзөгө ашырып, ишин жакшыртуунун өктөм зарылдыгы белгиленди.

Ошентип, Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Талас областындагы көчмө кеңешмеси иштиктүү маанайда, натыйжалуу өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети