Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдер үйлүү болушту

       Кыргыз Республикасынын Билим берүү,илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020”программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу”токтомун аткаруу максатында бир топ иштерди алып барды. Жергиликтүү бийлик, кредиттик банктар менен байланышып, мугалимдердин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүүгө жетишти. Мугалимдердин арыздарын каттоо менен түшүнүксүз суроолоруна жооп берилди. Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан мугалимдердин жашоо шартын түшүнүү менен Арзан турак жай программасына сунуштар берилди. Жыйынтыгында 3 мугалим үй менен камсыз болду. Алар: В.И.Ленин атындагы №5 орто мектептен 1 мугалим,А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектептен 1 мугалим, №5”Чабалекей” балдар бакчасынан 1 тарбиячы жана ошону менен бирге 1 мугалим үй курууга кредиттик насыя алды.

 

                                                                            Таш-Көмүр шаардык комитети