Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи

   2018-жылдын 21-март күнү 8-окуу имаратынын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Умай эне аянтта отурган жамаатты арча түтөтүп,_аластагандан кийин,  ректор Канат Садыков менен профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков  Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин Нооруз майрамы менен кызуу куттукташты.

    Андан кийин аянтка кыргыз филологиясы факультетинин студенттери чыгышып, Сармерден оюнун көрсөтүштү. Оюндун жүрүшүндө улуттук форма кийген кыздар төрдө отурган ардагер эже-агайларга сүмөлөк, боорсок ооз тийгизишти.

    Бул күнү КУУнун көпчүлүк окутуучу, кызматкерлери  улуттук кийим кийип жүрүштү. Кесиптик бирлик комитетинин комиссиясы бул көрсөткүчтү баалап, мыктыларга өз сыйлыктарын тапшырды. Ушундай эле сыйлыктар майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өткөрүлгөн улуттук оюндар (кол күрөш, аркан тартмай жана ордо) боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүнө да ыйгарылды.

     Иш-чаранын соңунда салтанаттын уюштуруучусу болгон КУУнун кесиптик бирлик комитети майрамдын катышуучуларын даам сызып кетүүгө чакырды.

     Белгилей кетчү нерсе, 20-март күнү саат 18:00дө 8-окуу имаратынын алдында казандар асылып, "Сүмөлөк жасоо" аземи болуп, жагымдуу музыканын коштоосунда түнү бою жаштар селкинчек тээп, ак чөлмөй ойноп, сүмөлөк бышырылды.

КУУнун басма сɵз кызматы -2018