Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА – ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ

Өткөн дүйшөмбү күнү, 2024-жылдын 24-июнунда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга президиум мүчөлөрү Ө. К. Молдоакматов, С. А. Тойгонбаев, З. Н. Бөтөков, А. О. Балтабаев, М. Ж. Курманкожоев, Б. К. Тыныбекова, Т. Ө. Барханов, М. М. Примкулов, Б. М. Кадыркулов катышышты. Отурумду Борбордук Комитеттин төрагасы А. Д. Султанбаев алып барды.

Төрага президимду ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн, алардын балдарынын жайкы эс алуусун талаптагыдай уюштуруунун, натыйжалуу өткөрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттары мындан ары жолдомо берүүгө эмес, кесиптик бирликтин кыйла жылдардан бери каралбай калып, керектен чыгып бараткан курорт-санаторийлерин, эс алуу жайларын оңдоп-түзөөгө, заманбап шарттарга ылайыкташтырууга багыттала тургандыгына байланыштуу тармактын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын кесиптик бирлик уюмдарынын ички резевдеринин, өздүк күч-каражаттарынын эсебинен уюштуруунун өктөм зарылдыгы ачык айтылып, олуттуу талаптар коюлду.

Айтылгандай жаңы шарттарда тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын талаптагыдай коргоо, жаңы башталган жайкы эс алуу өнөктүгүн уюшкандыкта, натыйжалуу өткөрүп алуу кесиптик бирлик уюмдарынын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн айкын далили экени ынанымдуу эскертилди.

Натыйжада президиумда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын аталган жааттагы иштериндеги ийгиликтер менен кечиктирилбестен, чечилүүнү күткөн көйгөйлөр ортого салынып, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жана алардын балдарынын жайкы эс алууларын уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынын маалыматтары угулуп, аталган маселе жаатында жер-жерлерден келген сууроо-талаптар кеңири талкууланды.

Тармактык кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан тыкыр талдоого алуу менен, билим берүү мекемелеринин мугалим-окутуучуларынын, алардын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууда социалдык өнөктөштөрдүн көмөгүн пайдалануунун дайындуу жолжоболору белгиленип, айкын милдеттер аныкталды. Бул багыттагы алгылыктуу аракеттер дагы белгиленип, алар мындан ары карай улантылмак болду.

Тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын уюштуруу ишинде президиум мүчөлөрүнүн ой-пикрилери, жер-жерлерден келип түшкөн өтүнүч, суроо-талаптар эске алынып, Борбордук Комитет өнөктүктүн ийгиликтүү өтүшү үчүн аларды мүмкүнчүлүккө жараша канааттандыруу боюнча тийиштүү каражаттарды бөлүү тууралуу чечим кабыл алды.

Ошентип, тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын уюштуруу маселеси каралган президиумдун кезектеги отуруму иштиктүү кырдаалда жүрүп, натыйжалуу аякталды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети