Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Дасыккан педагог-жетекчи 90 жашта

И. Арабаев ат. КМУнун чоң жыйындар өргөөсүндө профессор Ботбаева Мира Махмутовнанын 90 жылдык мааракесине арналган “Педагогикалык билим берүү жана табигый илимдер: Кыргыз Республикасындагы азыркы учурдагы абалы жана өнүгүү перспективасы” Эл аралык конференциясы болуп өттү.  Конференцияны ачып жатып Университеттин  ректору Абдырахманов Т.А.,  Мира Махмутовнанын жалпы кыргыз педагогикасына, илимине сиңирген эмгегине баа берүү менен бирге маараке ээси айрыкча И. Арабаев Университетине чоң салым кошконун баса белгиледи  жана окуу жайдын эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелген     " КМУга эмгек сиңирген ишмери" төш белгисин тапшырды. Ошондой эле Мира Махмутовна менен бирге иштешкен кесиптештери, жердештери, шакирттери: Артыкбаев О.М., КР ЖК депутаты, Мурзубрапмов Б.М., КР УИА академиги,, .п. и.д., профессор Эркебаев А.Э., КР УИА академиги, фил.и.д.,  Токторалиев Б.А., КР УИА академиги, б.и.д., Айтматова Р.Т., ф.мат.и.к., аялдарды коргоо борборунун  президенти, КР билим берүүнүн отличниги ,  Маанаев Э.Ж., И.Арабаев ат.КМУнин ректорунун кеңешчиси, т.и.д., профессор Курманов З.К., профессор Жолдошева Ж.А., Курманжан Датка кайрымдуулук фондунун төрайымы, мүчө-корр., тех.и.д., профессор Ташибекова З.М. куттуктоо сөздөрүн жана баяндамаларын жасашты. Соңунда конфенренция резолюция кабыл алды анын негизги пунктары: 1. Мамлекеттик Курманжан датка атындагы сыйлыка сунуштоо.      2. КМУнун биоартүрдлүүлүк кафедрасына маараке ээсинин атын ыйгаруу.      3. Токтогул районундагы ири эс алуу паркынын аталышынада Мира Махмутовнанын ысмын сунуштоо.