Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Үч тараптуу макулдашуу кабыл алынды

2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаардык мэриясы, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаменти жана  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитетинин  ортосунда  2024-2026-жылдарга карата үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Бишкек шаардык мэриясы,  Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү Департаменти жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан “Тараптар,” тармактын кызматкерлеринин эмгек, социалдык жана укуктук кепилдиктерин жөнгө салуу, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана өнүктүрүү максатында КР нын  Эмгек кодексинин, “Кыргыз Республикасында эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамынын негизинде 2024-2026-жылдарга үч тараптуу Макулдашуу түзүлүп, кол коюшту.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы  А.Д.Султанбаев,  Бишкек шаарынын вице-мэри В.А. Мозгачева, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору Р.И.Мусаева, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов,  Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Т.Э.Темирканова жана Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы С.К Шербаева катышышты.

 

Макулдашууда Билим берүү тармагынын кызматкерлерин эмгек укуктарын коргоо, эмгек акы төлөөнү жөнгө салуу,  ден соолуктарын чыңдоо жана эс алууларды уюштуруу, дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, жашоо шарттарынын деңгээлин жакшыртуу, кызматкерлерге социалдык - турмуш тиричилик, жашоо шарттарын түзүүдө билим берүү кызматкерлери үчүн муниципалдык кызмат батирлерди жана жаш адистер үчүн жатаканаларды курууга каражат бөлүү, ипотекалык насыялоонун жеңилдетилген системасынын негизинде турак жайларды куруу жана шаардык бюджеттин эсебинен жаш адистерге жана социалдык жактан корголбогон кызматкерлерге муниципалдык турак жайларды (кызматтык батирлер, жатаканалар) берүү жаатындагы маселелер камтылган.

Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети