Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БГУда кезектеги саамалык

     “Бишкек гуманитардык университетинин 3 жылдык (2018-2020) программалык бюджетинин долбоору”-деген темада коомдук угуу (общественное слушания) уюштурулду. Бул иш чарага студенттер, ата-энелер, эксперттер жана профкомдун мүчөлөрү болуп жалпы 200гө жакын катышуучу катталды. Коомдук угуунун жүрүшүндө  окуу жайдын каржылык бөлүгү кандай жолдор менен толукталып, кайра кантип, кайда жумшалаары туралуу каржы пландоо бөлүмүнүн башчысы билдирүү жасап, ачык түшүндүрүп берди. Катышуучулар тарабынан (ата – энелер, студенттер) көптөгөн суроолор берилип, канагаттандыраарлык жоопторду алышты. Жыйынтыгында кенен маалымат алган катышуучулар окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирүү менен тарашты.