Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БАТКЕНДИК МУГАЛИМ Б.ГҮЛЖИГИТОВА ПРЕЗИДЕНТТИН КОЛУНАН АРДАК ГРАМОТА АЛДЫ

Баткен районунун Газ орто мектебинин мугалими Бурул Гүлжигитова Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алды.

Мугалимдин өзүнүн айтымында, 30 жылга жакын убакыттан бери Газ орто мектебинде математика сабагынан мугалим болуп иштейт.

Быйыл Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан республика боюнча эмгектин 133 алдыңкы адамдары сыйлык алышса, алардын ичинде баткендик 6 мугалим бар. Бул алыскы район үчүн сыймык.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Баткен районунун Газ орто мектебинин мугалими Бурул Гүлжигитова