Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Баткен Пленуму жаңы иштерге шыктандырды

            Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин 2017-жылдын 27-29-июнь күндөрү Баткен шаарында  өткөн көчмө  Пленуму тарихий өзгөчө республикалык  иш-чара  бөлүп өттү.

Баткен жергесинде болуп  жаткан чоң  өзгөрүүлөр,  өсүштөр, өнүгүүлөр Пленум  катышуучуларын кубандырды. Баткен облусундагы социалдык-маданий жаңылануулар катары билим  берүү  тармагында  жаралып  жаткан  ийгиликтерге күбө болдук.

Баткен  облусунун билим  берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун лидерлери  тарабынан аткарылып  жаткан  иштерди көрүп, Борбордук Комитет тарабынан билим  берүү  кызматкерлерине  камкордук көрүү,  социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө  социалдык өнөктөштөр менен комплекстүү иштерди уюштуруу  багытындагы берип  жаткан көрсөтмөлөрүн турмушка  ашыруудагы ийгиликтерин үлгү  катарында  кабыл  алдык.

Пленумда билим берүү тармагындагы  көп жылдык үзүрлүү  эмгектери үчүн “Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун «Ардактуу  ардагери»”  наамы Борбордук Комитет тарабынан  уюштурулуп, татыктуулардын  сыйланышы да чоң  жаңылык деп белгилеймин. Мага дагы ушул наамдын  ыйгарылышы Ноокен районунун профсоюздук уюмдарына жана Жалал-Абад обкумуна берилген сыйлык  деп  эсептеймын.

 Эмгектеримди баалап,  жаткан  Борбордук Комитетке  жана Асылбек Токтогуловичке ыраазычылыгымды билдирип, профсоюздук  ишмердүүлүгүндө  ийгиликтер, бекем ден-соолук  каалаймын!Бул  сыйлык мени Республиканын профсоюз кыйымылына дагы көп иштеп берүүгө шыктандырып, жаңы   иштерге милдеттендирди.

 Пленумду уюшкандыкта жана жогорку денгээлде уюштурулушун камсыздаган Баткендик кесиптештериме рахмат  айтуу менен профсоюз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо  иштеринде чоң жетишкендиктер болушуна тилектешмин.