Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

46 ЖЫЛДАН БЕРИ МУГАЛИМ

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын 73 жаштагы тургуну Мамбетимин Бектурганов 46 жылдан бери мектепте окуучуларга тарыхтан сабак берип келет. Ал учурда аталган айылдагы А.Койчуманов орто мектебинде эмгектенип жатат.

Мугалимдин айтымында, мектептеги ар бир окуучуну өзүнүн балдарындай көрөт. Аларга татыктуу билим берүүдөн рахат алып, тарыхты жакшы билүүсүнө болгон аракетин жумшап келет.

- Мен 1971-жылдан баштап азыркы күнгө чейин А.Койчуманов атындагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенип келем. Мектептеги ар бир окуучумду өз балдарымдай эле жакшы көрөм. Ушул жашка келип бир жолу дагы мектептен тажадым, чарчадым деп айта элекмин, айтпайм дагы. Анткени мен мектепке келип, балдар менен сүйлөшүп, билгенимди үйрөтүүдөн эргүү алам, - деди ал.

Мугалим М.Бектурганов жогорку окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктап, мектепте 7 жыл директор, партиялык уюмдун катчысы, профсоюз комитетинин төрагасы болуп да эмгектенген.

- 1971-жылы мурунку Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплом менен аяктагам. Ошол эле жылы мугалим болуп иштеп баштагам. 1976-жылдан 1991-жылга чейин партиялык уюмдун катчысы, профсоюз уюмунун төрагасы болгом. 7 жыл Ача-Кайың айылындагы мектептин директору болуп иштегем, - деди мугалим.

Мамбетимин Бектурганов үзүрлүү эмгеги менен «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси жана башка сыйлыктардын ээси болгон.

- Мен наам алууга өтө кызыкпайм. Бирок, эмгек бир күнү бааланат экен. 1978-жылы "Алдыңкы мугалим", 2000-жылы "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен сыйландым, 2014-жылы "Нарын облусунун ардактуу атуулу", 2016-жылы "Кыргыз Республикасынын ардактуу инсаны", ошол эле жылы "Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы", 2007-жылы райондун, 2013-жылы облустун жана мектеп ичинде дагы көптөгөн ардак грамоталар менен сыйлангам, - деди ал.

М.Бектургановдун 1 уул, 1 кызы жана 14 небереси бар.