Практикалык семинар болду

2013-жылдын 20-сентябрь куну Ош шаарында райондук, шаардык билим беруу болумдорунун борборлоштурулган эсепканалардын эсепчилери жана райондук,шаардык профсоюз комитеттеринин торагалары, торайымдары катышкан областтык семинар болуп отту. Семинардын катышуучулары жогорудагы иш-чараны уюштурган КРнын Билим жана илим кызматкерлери профсоюзунун Борбордук Комитетине жана Борбордук Комитеттин социалдык-экономикалык болумунун башкы адиси Ныязбеков Кубатбек Ниязбековычке семинардын катышуучулары оздорунун ыраазычылыгын билдиришти.
10.10.2013 1437 Кесиптик бирлик региондордоБаткен шаардык билим берүү бөлүмүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилеринен ыраазычылык!

2013-жылдын 17-сентябрында Баткен шаарында « Оплата труда в системе образования республики» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда мугалимдердин эмгек акысын, эмгекке өргүүсүн, дем берүүчү, «Убактылуу эмгекке жарамсыздык,кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды төлөө тартиптери» туура жана так аткаруу иштери кеңири айтылды.
10.10.2013 1613 Кесиптик бирлик региондордоБаткендеги мугалимдер майрамы

Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Баткен облустук музыкалык-драма театрында зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлдү. Салтанаттуу аземди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө чакырды.
10.10.2013 2350 Кесиптик бирлик региондордоМаксатына жеткен август кеңешмеси

Салтка айланып калган мугалимдердин Жалал-Абад облустук Август кеңешмеси КРнын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында жакшы даярдык менен өткөрүлдү . Анын ишине Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Шадыканов К.Т, КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Төрөмаматов Ж.К. катышты. Кеңешмеде «Окутуу менен тарбиялоонун биримдиги –билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты» деген теманын үстүндө кеңири сөз болду.
23.09.2013 1378 Кесиптик бирлик региондордоАлайдагы алгылыктуу иштер.

2013-2014- окуу жылына билим берүү мекемелерин даярдоо жана жаңы милдеттерди белгилѳѳ максатында Алай районунда да мугалимдердин кеңешмеси 23- августта болуп ѳттү.
04.09.2013 1189 Кесиптик бирлик региондордоОш областынын Кара- Суу районунда мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү

Мугалимдердин август кеңешмесине КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жээнбеков С. Ш, Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.И Матраимов, КРнын Билим берүү академиясынын президенти Мамытов Абакир Мамытович, Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагасы Султанбеков Касымбек Файзулдаевич, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Орозбаев Марат Тургунбаевич, райондогу жалпы билим берүүчү мектеп, мектепке чейинки мекеменин жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер комитеттеринин төрага, төрайымдары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
04.09.2013 2259 Кесиптик бирлик региондордоОш облустунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

2013-жылдын 24- август күнү Ош мамлекеттик администрациясынын чоң залында Ош облустунун мугалимдеринин август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде 2012-2013-окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, кетирилген кемчилдиктер жана жаңы окуу жылындагы алдыга коюлган максаттар жөнүндө сын, сунуш, пикирлер ортого салынды.
28.08.2013 1405 Кесиптик бирлик региондордоКонференция Өзгөчө өттү

2013-жылдын 23-август күнү Өзгөн райондук жана Өзгөн шаардык билим берүү кызматкерлеринин август конференциясы болуп өттү. Конференцияда 2012-2013-окуу жылындагы райондун билим берүү тармагында аткарылган иштер талкууланып, мугалимдердин жана окуучулардын жараткан ийгиликтери, жетишкендиктери белгиленди.
28.08.2013 1452 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Токтогул райондук комитети эс алып келишти

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Токтогул райондук комитети тарабынан 2013 -жылдын 1 июнунан баштап "Чычкан озонунун" Ак-Көл жайлоосунда жолдомо менен 120 мугалим жана техникалык кызматкерлер 5 күндөн 10 күнгө чейинки убакытка бээнин сутун ичип эс алып келишти жана дагы барып эс алып келүүгө жөнөтүлүп жатат.
02.08.2013 1713 Кесиптик бирлик региондордо«Алтын-Бешик» лагеринде эс алып жаткан аз камсыз болгон балдар үчүн акимден таттуулар, балмуздактар, акчалай жардамдар берилди.
Баткен районунун аймагындагы балдардын эс алуусу үчүн 43, ал эми турмушу оор социалдык жактан муктаж балдарга 29 жолдомо бөлүнгөн. Мындан сырткары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С. Калыков 25 балага кошумча жолдомо үчүн КРнын Профсоюздар федерациясына кайрылып, Тажик,Өзбек республикаларынын райондору менен чектеш жайгашкан айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн кошумча 25 балага жолдомо алып, алар бүгүнкү күндө Кара-Булак айыл округуна караштуу “Алтан-Бешик” балдардын эс алуу борборунда дем алып жатышат.
27.07.2013 1301 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунда «Жайкы эс алуу - 2013»

КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү 2013-жылда жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө». №275 /1 21-май 2013-жыл, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын №01/13 31-май 2013-жыл буйруктарын жана 20-май 2013-жылда биргелешкен кеңешмеде бекитилген иш чараларды ишке ашыруу үчүн райондук билим берүү болүмү менен райондук комитеттин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү 2013-жылда жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө» 2013-жылдын 17-июнунда №79 жана №8 биргелешкен буйругу менен конкреттүү иштер жүргүзүлдү.
23.07.2013 2285 Кесиптик бирлик региондордо