В Майлуу-Сууйском профсоюзном комитете работников образования и науки, была проведена работа по реализации Акции «Помоги своим».
03.04 2020 года в Майлуу-Сууйском профсоюзном комитете работников образования и науки, была проведена работа по реализации Акции «Помоги своим». Работникам, которые остро нуждаются в помощи, раздали самые необходимые продукты питания.
03.04.2020 529 Кесиптик бирлик региондордоБаткен областындагы профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө жардамдар берилүүдө
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А Токтогуловдун тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү карантин абалына байланыштуу билим берүү тармагындагы социалдык жактан аз камсыз жана турмуш шарты оор кызматкерлерге колдоо көрсөтүү жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк продуктылар менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында областтын бардык райондук, шаардык профсоюз комитеттерине тапшырмалар берилген.
03.04.2020 456 Кесиптик бирлик региондордоСүлүктүдө мугалимдердин профсоюз уюму жардам уюштурду.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй бүлөлүк шарты боюнча жардамга муктаж профсоюз мүчөлөрүнө ун азыгы жана суу май берилди.
03.04.2020 568 Кесиптик бирлик региондордоПРОФСОЮЗ, КЫЙЫН КЫРДААЛДА КОЛ СУНАТ.
Кыргызстандагы өзгөчө абалга байланыштуу азыркы учурда билим берүү кызматкерлери дистанттык окутууга өтүп иштеп жатышат. Мындай мезгилде профсоюз мүчөлөрүнө кол сунуп, аралыкта болсо да ахыбалдарын сурап туруу менен профсоюз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
03.04.2020 519 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райондук комитети тарабынан материалдык жардамдар берилди.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте азыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга карата атайын иш чаранын негизинде Ноокен районундагы билим берүү тармагында эмгектенген аз камсыз болгон мугалим, тарбиячы жана тех. кызматкерлерге материалдык жардамдар берилди.
03.04.2020 489 Кесиптик бирлик региондордоКемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети
Кемин райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитети, Кемин райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте, билим берүү мекемелеринде иштеген ар бир профсоюз мүчөлөрунө азыркы илдет коронавируска карата бекер маска таратуу акциясын өткөрушту. Маскалардын жоктугуна байланыштуу өздөру колдору менен тигип тараты
02.04.2020 529 Кесиптик бирлик региондордоЖумгальский район
Дүйнө эли бүгүнкү күндө оор жагдайды башынан өткөрүп жаткан убак. Адамзатынын башына апаат алып келген коронавирус илдети тилекке каршы биздин өлкөбүздү да аралап, илдетке чалынгандардын саны күн санап өсүүсү абдан өкүнүчтүү. Албетте бул куралсыз душман менен курөшүүгө мамлекетибиз бар күчүн жумшап жатат, бирок арабызда кайдыгерликке жол берип, "вааай" деп кол шилтеп коюп адамдардын арасына бул илдеттин жайылышына себепкер болгондор да аз эмес.
02.04.2020 521 Кесиптик бирлик региондордоБугун Ысык-Кол облустук билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен Балыкчы шаарындагы мектептер менен балдар бакчаларынын кызматкерлерине Балыкчы шаарындагы билим беруу кызматкерлеринин торагасы Н.Абдраимовдун жетекчилиги
Бугун Ысык-Кол облустук билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен Балыкчы шаарындагы мектептер менен балдар бакчаларынын кызматкерлерине Балыкчы шаарындагы билим беруу кызматкерлеринин торагасы Н.Абдраимовдун жетекчилиги астында 400 маска,25тен ашык антисептик таратылды.
02.04.2020 633 Кесиптик бирлик региондордоВ Ысык-Атинском районе по иницитиве райкома профсоюза работников образования из профсозных средств выделен 68.0 тыс.сомов на поддержку медработников района. Согласовав руководителями здравоохранения района заказали защитные костюмы, фартуки и маски.
В Ысык-Атинском районе по иницитиве райкома профсоюза работников образования из профсозных средств выделен 68.0 тыс.сомов на поддержку медработников района. Согласовав руководителями здравоохранения района заказали защитные костюмы, фартуки и маски.
02.04.2020 426 Кесиптик бирлик региондордоОбласттык профсоюз комитетинен Памирлик этникалык кыргыздарга жардам
Билим, илим кызматкерлеринин областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев , башкы инспектор Э.Т.Ажиматовдор 2020-жылдын 17-мартында Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Сары-Могол айылындагы №53 Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинин эски корпусунда жашап жатышкан боордош Памирлик кыргыздардан жана алардын сабатсыздыгын жоюп жатышкан балдарынан кабар алып, алар менен баарлашып, алып барган жардамдарын беришип ыраазычылыктарын алып кайтышты. Жалпысынан боордошторго ун, ак май, күрүч, макарон, ак кант, пияз, эт, конфет, печеньелерден турган 30 миң сомдук тамак-аш азыктары жеткирилди. Областтык профсоюз комитетинен барган өкүлдөргө 77 жаштагы Памирлик Эне – Бүбай эне, айыл өкмөтү баш болгон атуулдар ак баталарын беришип, ак дил каалоолорун айтышты. Ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.С.Молдокуловдун жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирип, профсоюз тармагындагы иштерге ийгиликтерди каалады .
20.03.2020 656 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы максаттары жана милдеттери
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин VII съезди 2020-жылдын 3-мартында тармактык профсоюздун эң жогорку башкаруу органынын делегаттары жана конокторунун катышуусунда өткөрүлдү.Бул съездде 2015-2019-жылдар арлыгында аткарылган иштердин отчёту берилип,профсоюз мүчөлөрүнүн уюмдашуу жагдайынын сандык өсүшкө ээ болуусу,жаштар менен иштөө алардын укуктарын коргоо,ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери колго алынгандыгы баса белгиленди.Ошондой эле профсоюз уюмдарынын алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында социалдык өнөктөштүк мамилелери чыңдалып,республикалык,областтык,шаардык,райондук,мектептик,бала бакчалык башка уюмдук макулдашуулар жана жамааттык келишимдер түзүлүп,аткарылышы көзөмөлгө алуу жактары жолго коюлгандыгы мындан нары дагы күчөтүлөөрү айтылды. Съезддин күн тартибинде каралган маселерди угуп,катышкан жалпы делегаттар профсоюз уюмунун алып барган иштери канааттандырарлык деп табышып алдыга койгон максаттары жана милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун ачык айтышып,жер жерлерде баштапкы профсоюз уюмдарына жеткирүү жагына милдеттенип кайттык. Биринчиден профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү.
16.03.2020 551 Кесиптик бирлик региондордо