Мектепке белек

2018-жылдын 7-ноябрь күнү Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылындагы Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде чоӊ салтанат болуп өттү. Себеби ушул мектепти мындан 20-жыл мурун 1998-жылы 10-классты аяктаган окуучулардын демилгеси менен 1млн.800мин сомдук кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлүп, Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебине белек катары берилди. Футбол аянтчасынын курулушун толук 20-жылдык бүтүрүүчүлөрү колдоруна алышты
23.11.2018 773 Кесиптик бирлик региондордоАймактарды өнүктүрүү жылына карата

Балдар жана өспүрүмдөр арасында “Карек” аттуу кино фестивалы 3-республикалык деңгээлинде болуп өтүп, анда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул райондук билим берүү болүмүнө караштуу №1-Токтогул атындагы орто мектебинин окуучулары дагы арта калышпай алдыга болгон умтулуусу жана жашоого болгон корогочтугу менен “Кичинекей чоң кыз” аттуу тасма тартышып:
21.11.2018 750 Кесиптик бирлик региондордоӨзгөндүк мугалимдер – Лейлекте

«2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында алдыӊкы иш-тажрыйбаларды үйрөнүү, тажрыйба алмашуу максатында Өзгөн районунун билим берүү тармагынын алдыӊкы, чыгармачыл мугалимдер делегациясы 19-ноябрь күнү Лейлек районунда болуп, билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, алдыӊкы иш-тажрыйбалар менен таанышты. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиӊирген мугалими» Гапыр Мадаминов агай жетектеген №3 эксперименталдык-гимназиясында болуп, иш-тажрыйбасы менен таанышышты.
21.11.2018 1012 Кесиптик бирлик региондордоМедиа өнөктөш СуЛей-инфо газетасына 7 жыл

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети жергиликтүү ММКтары менен тыгыз байланышта иштешип келет. Алардын бири “СуЛей-инфо” газетасы 2018-жылдын 16-ноябрында Исфана шаарында 7 жылдыгын белгиледи. Бул иш чарага КРнын ЖКнин депутаты Т.Г.Тиллаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, окурмандарынын көпчүлүгүн түзгөн райондун билим берүү мекемелеринин жетекчилери чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө ыраазычылыктар айтылып, газетанын башкы редакторуна, жалпы эмгек жамаатына сыйлыктар тапшырылды.
21.11.2018 984 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук Комитетинин III пленуму өткөрүлдү

Иш-планга ылайык 16-ноябрь күнү обкомдун III Пленуму өткөрүлдү. Анын ишине обкомдун мүчөлөрүнөн 25 катышса, 4 жүйөлүү себептер (оору) менен катышкан жок. Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө пленумунун (23.08.2018-ж.) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе каралды.
21.11.2018 769 Кесиптик бирлик региондордо“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” кароо - сынагынын облустук туру жыйынтыкталды

2018 - жылдын 15 - ноябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал - Абад облустук комитети тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” кароо - сынагынын облустук туру жыйынтыкталды. Кароо - сынактын комиссиясы тарабынан төмөнкү баштапкы профсоюздук уюмдар жеңүүчүлөр деп табылып, республикалык турга катышууга укук берилди.
21.11.2018 721 Кесиптик бирлик региондордо“2018 - жылдын мыкты педагогу” конкурсу

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин 2018-жылдын 25-январындагы “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата кабыл алынган иш планынын 10 пунктуна ылайык билим берүү кызматкерлеринин ишмердиктерин жаӊы сапаттуу деӊгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаштарды ишке кызыктыруу, потенциалын максатында Кыргыз
21.11.2018 1041 Маалыматтык бюллетеньПРОФСОЮЗ – СЕНИН КЕҢЕШЧИҢ, КОРГООЧУҢ ЖАНА КОЛДООЧУҢ!

2018-жылдын 19-ноябрь күнү Сүлүктү шаарынын Т.Рустамов атындагы №5-орто мектебинин маареке залында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык жана Сүлүктү шаардык комитетинин иш планына ылайык "Билим берүү кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатуу жана профсоюздук ишмердүүлүктөрүн активдештирүү" темасында билим берүү мекмелеринин жетекчилери жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары үчүн семинар өткөрүлдү.
21.11.2018 725 Кесиптик бирлик региондордоЖаӊы мектеп

Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы Самудун Мурзакматов атындагы орто мектебинин жаӊы имаратынын ишке берилишинин урматына 6-ноябрь 2018-жылы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Окуучулар менен мугалимдер жамаатынын көптөн күткөн тилектери орундалып, мектеп 225-балага ылайыкталган. 9-класстык бөлмө, спорт зал жана кабинеттерден турат.
21.11.2018 791 Кесиптик бирлик региондордоЧүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу

Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Менеткеч айылындагы А.Жансеитов атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 14-ноябрында “Регионду өнүктүрүү” жылына карата мектеп коллективи менен айыл башчысынын жолугушуусу өткөрүлдү. Айыл башчы Акматов Кылыч “Бурана айыл аймагы негизинен дотациялык айыл аймагы болуп саналгандыктан билим берүү мекемелерине жеткиликтүү жардам көрсөтө албай келе жаткандыгын, бирок, билим берүү коомдук иш экендигин, ошол себептен келечек муундарына татыктуу билим берүү менен аларды
21.11.2018 867 Маалыматтык бюллетень“Жүрөгүмдөн оргуп чыккан өнөрүм, Лейлегиме, Чынгызыма арналат ”

2018-жылдын 17-ноябрь күнү Лейлек районуна караштуу Арка айыл аймагындагы Б.Набиев атындагы орто мектебинде мектептин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, баштапкы профсоюз уюмунун колдоосу менен “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында, ошондой эле, Лейлек районунун 90 жылдыгына, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Арка айылынын 60 жылдыгына карата “Жүрөгүмдөн оргуп чыккан өнөрүм, Лейлегиме, Чынгызыма арналат ” аттуу чакан концерт коштого конкурс иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, мугалимдер окуучуларга билим берүү менен гана чектелип калбастан, өз өнөрлөрүн,
21.11.2018 732 Кесиптик бирлик региондордо