Баткен областында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” аныкталды
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан 2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” кароо-сынагынын областтык туру 2018-жылдын 15-ноябрында болуп өттү. Баткен областынын район, шаарларындагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдары арасында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз уюму” кароо-сынагынын областтык турунун жеңүүчүлөрүн, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан даярдалган жобонун критерийлерине ылайык областтык комитет тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосу менен аныкталды.
19.11.2018 771 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинде ноябрь айында өткөрүлүп жаткан иш чаралары
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Лейлек районундагы Арка айылына караштуу Б.Набиев атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Лейлек районунун 90 жылдыгына, С.Ибраимовдун 90 жылдыгына, Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгына, И.Раззаковдун туулган күнүнө карата “Ч.Айтматовдун ааламына саякат” аттуу сүрөт конкурсу, “Лейлектин чолпон жылдызы” деген темада И.Раззаковду эскерүү кечеси, “Шүкүрбек Бейшеналиев - Балдардын жан дүйнөсунүн жарчысы”деген темада тарбиялык саат, “С.Ибраимов-коомдук ишмер” ачык сааты,
19.11.2018 1437 Кесиптик бирлик региондордоАк илбирсти коргойлу
Жакында Ак-Суу райондук балдар билим борборунда мектеп окуучулары арасында бүткүл дүйнөлүк «Ак илбирсти коргоо күнүнө» карата, экологиялык сынактын райондук туру болуп өттү. Сынакка райондун 6 аймагынан тандалган мектептин окуучулары катышышты. Сынакты өткөрүүдө мыкты деген калыстар тандалып, алар номинациялардын ар тараптуулугуна өзгөчө көӊүл буруп, чыгармачылык менен аракет кылышкан катышуучулардын арасынан татыктуусун тандашты. Калыстар тобунун катарында мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары да иш алып
16.11.2018 1017 Кесиптик бирлик региондордо«Чингиз Айтматов – талант мирового звучания, достояние мировой культуры…»
6 ноября 2018 года на базе Новопавловского инновационного Учебно-воспитательного комплекса-лицея №1 им. Ч. Айтматова Сокулукского района Чуйской области состоялось торжественное мероприятие «Чингиз Айтматов – талант мирового звучания, достояние мировой культуры…», посвященное 90-летию Ч. Айтматова. Цели мероприятия: Увековечение памяти великого писателя, мыслителя и философа современности Ч.Т. Айтматова;
15.11.2018 1076 Кесиптик бирлик региондордо“Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасындагы тегерек стол
13-ноябрда Каракол шаардык профсоюз комитети “Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасында тегерек стол уюштурду. Тегерек столго мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана жалпы кызматкелер катышышты. Алгач Профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. тармактык профсоюз комитетинин ишмердүүлүгү, мугалимдердин
15.11.2018 719 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы болуп өттү
Кадамжай районундагы “А.Масалиев” атындагы орто мектебинде Райондун аймагындагы коп тилдүү билим берүү программасы боюнча иштеген мектептердеги абалды текшерип чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө коллегия болуп өттү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019- жылдын түзүлгөн иш планына ылайык 2018-жылдын октябрь айында мектептерде иш
14.11.2018 1000 Кесиптик бирлик региондордо“Мээрим” бала бакчасында кошумча жаӊы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү
Кадамжай районунун Чаувай айыл аймагындагы “Мээрим” балдар бакчасында кошумча жаны имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Майрамдык кечеге Кадамжай райондук администрация башчысы Ж.Маматович, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, РБББ башчысы Ж.Гайбуллаев, РБББнон А.Кожонова жана айыл өкмөттүн
14.11.2018 755 Кесиптик бирлик региондордо"МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ" - 2019 СЫНАГЫ ЛЕЙЛЕКТЕ
2018-жылдын 7 - ноябрында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Исфана шаарынын маданият үйүндө "Мугалим" илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана Баткен облусунун билим берүү усулдук борборунун 10 жылдыгына карата уюштурулган "Мугалим - коомдун күзгүсү - 2019" кароо - сынагынын облусттук туру жогорку деӊгээлде өткөрүлүп, Баткен облусуна караштуу мектептерден мыкты 10 мугалими катышты. Иш чаранын башында журналдын башкы редактору сөз сүйлөп, ЛРБББнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гапарбек Абдусалимович Саюнов ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, журналдын уюштуруу иштеринен баштап бүгүнкү күнгө чейинки ишине кеңири токтолушту. Катышуучуларга
14.11.2018 1522 Кесиптик бирлик региондордоЧыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш чара
Майлуу-Суу шаарындагы ар бир мектепте, ошону менен бирге мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерде дүйнө жүзүнө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган кечелер жана чоң иш чаралар өткөрүлдү. Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахнада театрлаштырып өзүлөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Мектептер арасында конкурстар жарыяланып, жеңүүчүлөрдү белгилешти. Көркөм окуулар, эң мыкты дил баян жазышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын оң жана терс каармандарын мүнөздөшүп, өзүлөрүнүн баасын беришти.
14.11.2018 796 Кесиптик бирлик региондордоОГПИдеги тегерек стол
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Интернет маалымат булактарынын жаштарга тийгизген таасири” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Иш чара Гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин деканы А.Т.Абжалов, тиешелүү тармактардан коноктор, окутуучулар жана студенттер катышышты.
14.11.2018 720 Кесиптик бирлик региондордоФутбол боюнча спартакиада уюштурулду
Жайыл райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 2018-жылдын 3-ноябрында Кара-Балта шаарынын №12 орто мектебинин базасында футбол боюнча спартакиада уюштурулуп өткөрүлдү. Футбол боюнча: 1 орунга шаардын №1,2,3,9 жана Алексеевка орто мектептеринин мугалимдеринен турган команда ээ болду. Алар 3000сом жана грамота менен сыйланды.
14.11.2018 741 Кесиптик бирлик региондордо