Ысык-Көл областында « Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү» кароо-сынактары өткөрүлдү

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында «Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү» кароо-сынактары Ысык-Көл облусунун билим берүү тармагында жарыяланган. «Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү» кароо-сынагынын жобосу Ысык-Көл облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын уюштуруучусу менен макулдашылып, облустук билим берүү институту тарабынан бекитилген.
27.12.2018 961 Кесиптик бирлик региондордоТармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашырылышы боюнча маалымат

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” райондук кароо-сынагы жарыяланган, жыйынтыгында иштелип чыккан жобого ылайык Чүй айылындагы №2 С.Ибраимов атындагы орто мектебинин жана Чүй айылындагы №1 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин профсоюз комитети алдыӊкы орундарга жетишип республикалык кароо сынакка жиберилди.
20.12.2018 613 Кесиптик бирлик региондордоСузакта химия мугалимдеринин областтык семинары болуп өттү

Сузак районундагы Манас атындагы №90 жалпы орто билим берүүчү инновациялык мектебинде, химия жана биология предметтеринин мугалимдерине областтык деңгээлде тажрыйба алмашуу максатында семинар болуп өттү. Иш чарага Аксы, Ала-Бука жана Базар-Коргон районунан келген мугалимдер катышышты. Бөлүнгөн сабактар боюнча бекитилген мугалимдер ачык сабактарды интерактивдүү усулдарга жараша кызыктуу өтүп беришти. Андан соң өтүлгөн сабактарга анализдер берилип, кызыктуу талкуу жаралды.
20.12.2018 796 Кесиптик бирлик региондордотун гезити «Кыргыз Туусу»

30-ноябрь 2018-жылы өлкөбүздүн тун гезити «Кыргыз Туусу» жыл бою алыскы жана жакынкы аймактарда мыкты ийгиликтерге жетишкен жамааттарды жана алардын ар биринин ак эмгектерине көӊүл буруп аларды эл арасынан таап «Жылдын мыктысы» жана «Кыргыз бренди» деген номинация менен баалап жана сыйлап жалпы жумурай журтка сунуштады.
20.12.2018 1046 Кесиптик бирлик региондордоЧыңгыз Айтматов - ааламдын акылман сүрөткери
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы учурда өлкөбүздүн булуң-бурчунда өтүп жаткан учуру. 12-сентябрдан 12-декабрга чейин «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгы жарыяланып, анын алкагында биздин райондо алгылыктуу иштер жасалды. Райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары, райондук түзүлүштөр, билим берүү мекемелеринин катышуусунда «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын иш-чараларынын чегинде кароо-сынак жарыяланып, калыстар тобунун тандоосу менен мыктылары тандалган.
19.12.2018 1276 Кесиптик бирлик региондордоМектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабы боюнча маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү жана мектеп жамааттары менен биргеликте 2018-жылдын 14-15-декабрь күндөрү Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабы өткөрүлдү. Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабына же шаардык туруна мектептик олимпиаданын 1-2-3-орундарга ээ болушкан окуучулары катышты.
19.12.2018 1677 Кесиптик бирлик региондордоТүп районунда аймактык олимпиада өткөрүлдү

Окуучулардын билим сапатын өнүктүрүү, жөндөмдүү окуучуларды колдоого алуу жана окуучулардын окууга болгон кызуугусун арттыруу максатында кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, математика, физика, информатика, биология, химия, тарых, география, англис тили предметтери боюнча Түп районунун билим берүү тармагынын төрт аймагы боюнча предметтик олимпиада өткөрүлдү.
19.12.2018 982 Кесиптик бирлик региондордо«Улуу максат-улуу күчтү жаратат» аттуу семинар жөнүндө маалымат

2018-жылдын 14-декабрь күнү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында рай. БББнын башкы адиси Д.Назирбаевдин, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидиновдун, рай.БББнын окуу-усулдук кабинетинин башчысы А.Ташматовалардын жана Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан №3 Эксперименталдык-гимназиясынын директору Гапыр Мадаминовдун иш-тажрыйбасы менен таанышып кайткан делегациялык топтун катышуусунда «Улуу максат-улуу күчтү жаратат» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине Г.Мадаминовдун «Энелер мектебинин» уюштурулушу, «Акыл эмгегинин маданияты», «Ой өрүшү - кругозор» деген
19.12.2018 848 Кесиптик бирлик региондордоЖаӊы долбоор жаштарга колдоо көрсөтөт

Ак-Суу районундагы «Аздек-Нур» коомдук бирикмеси 2017-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Коомдук бирикменин ишинин негизги максаты билим берүү тармагына колдоо көрсөтүү жана айыл элинин социалдык абалын өнүктүрүүгө салым кошуу. Бүгүнкү күндө аталган коом ар тараптуу иш жүргүзүп келүүдө. Атап айтсак Маман айылында улгайган адамдарды колдоо максатында «Шайыр апалар» тобу түзүлду жана алар жыл ичинде ар кандай иш-чараларга катышышты.
19.12.2018 879 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде ректордун кубогуна арналып тогуз коргоол боюнча мелдеш болду
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуу жайдын ректорунун байгесина арналып, спорттун тогуз коргоол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана райондордогу, шаардагы мектеп окуучулары катышып, алар кыргыздын улуттук акыл оюнуну аталган тогуз коргоол мелдешинин аянтына жыйналышты. Мелдеш салтанаттуу түрдө окуу жайдын жетекчилигинин катышуусунда ачылып, анда институттун ректору, профессор Б.Б.Зулуев мелдешке келген жалпы конокторго, уюштуруу тобунун атынан
19.12.2018 696 Кесиптик бирлик региондордоМектептердин жетекчилиги менен жыйын өткөрүлдү

2018-жылдын 12-декабрында Жети-Өгүз райондук профсоюз комитети райондогу мектептердин директорлору менен жыйын өткөрдү. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов азыркы күндө жалпы билим берүү тармагынын профсоюз комитеттери тарабынан аткарылып жаткан иштери, алдыга коюлган максаттары боюнча кеңири маалымат берди.
19.12.2018 736 Кесиптик бирлик региондордо