Кочкор-Ата шаарынын мэри - Кубанычбек Мырзамамитович Эгембердиев -2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү
Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы тарабынан 2013-жылда жарыяланган «Кесиби боюнча мыкты» кароо-сынагынын Ноокен районунда өткөрүлгөн «Мыкты социалдык өнөктөш» номинациясы боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэри - Кубанычбек Мырзамамитович Эгембердиев жеңүүчү деп табылды. 2013-жылда Кочкор-Ата шаарындагы мектептерге жана бакчага жалпысынан мэриянын каражатынан 20 млн 552миң 620 сом жумшалып, төмөндөгү иштер аткарылып, мугалимдерге эмгектенүү үчүн жана окуучуларга билим алуу шарттары жакшыртылды:
1. Шаардагы 333 билим берүү кызматкерлерине 750 миң сом каражат берилип, коммуналдык чыгымдар төлөп берилди.
2. 100 окуучу орундуу 4 класстык бөлмөнүн курулушу жүрүп жатат.
3. 3 мектептин тегеректери тосмолонуп, жаңы дарбазалар жана көзөмөлдөө бөлүм пункуттарынын имараттары курулду.
4. 4 мектепке 4 ажатканалар, 4 суу сактагыч кампалар, фоэ курулду.
5. Мектептердин ремонттору мэрия тарабынан атайын куруучу адистер тарабынан жүргүзүлдү.
6. Мектептерге жаңы мебелдер, инновациялык доска, комьпютердик класстар, телевизорлор, видеокамера, двд жана башка тех.каржаттар алып берилди.
7. Ч.Айтматовтун залы, Баткенчи М. Төрөбековтун музейлери үчүн кара- жаттар бөлүп берди.
8. Ж.Ниязов атындагы жатак көмөкчү мектебине ДАМАСК маркасындагы автомашинаны белекке өзүнүн каражатынан тапшырды.
9. №15 «Жомок» бакчасынын имараты капиталдык ремонттон чыгарылып, 2014-жылдын январь айынан пайдаланууга берилди.
10. Мэр 2013-жылда Кочкор-Ата шаарында өткөн мугалимдердин жана окуучулардын Жалал-Абад облустук спартакиадаларын өткөрүүгө жакындан жардам берип, колдоолорун көрсөттү.
Ноокен районунун билим беруу кызматкерлери К.М. Эгембердиевке ыраазычылык билдирип, эл үчүн талыкпай эмгектенип ишинде залкар ийгиликтер жарала беришин жана бекем ден-соолук каалайбыз.
Бакыт Арапбаев - Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин Президиумунун мүчөсү, Кочкор-Ата шаарындагы №15 Семетей атындагы орто мектебинин директору, Билим, илим профсоюзунун отличниги