Сузак районунда “Өзүңдүн эмгек китепчеңди текшер” аттуу Акция жүргүзүлдү
Сузак районунун №15 М.Юсупова атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “2017-жыл тармактагы адептүүлүктү жана укук маданиятты жогорулатуу жылына” карата иш чараларынын алкагында 2017-жылдын 29-мартында “Өзүңдүн эмгек китепчеңди текшер” аттуу акция өткөрүлдү.
Акциянын жүрүшүндө мугалимдердин эмгек китепчелеринде сыйлыктары жөнүндө толук жазылбагандыгы белгиленди.
Акцияга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси Ч.Койчуманова, райондук методкабинеттин усулчусу М.Усмановдор катышышты.
Профсоюздун Сузак райкомунун
басма сөз катчысы: З.Киргизбаев