ОшМУ алдыңкы мектептерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатат
Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы ОшМУга алдыңкы абитуриенттерди даярдап, жөнөтүп жаткан мектептерди компьютердик технологиялар, электрондук доскалар менен камсыздоону улантып жатат.
Кечээ күнү Ноокат районундагы М.Улугбек атындагы орто мектебине 2 компьютер, 1 электрондук доска, окуу китептерин, «Сахоба» лицейине 1 компьютер, окуу китептерин, физика, химия сабактары үчүн лабораториялык каражаттарды, ал эми «Ноокат» билимканасына 1 электрондук доска, проекторду белекке берди. Ошондой эле аты аталган 3 мектептин окутуучулар жамааты, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен ой бөлүшүп, пикир алышты.
Эске сала кетсек, буга чейин ОшМУ тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун жана Жалал-Абад облусунун алдыңкы мектептине да ушундай жардамдар көрсөтүлгөн.