К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин мүчөсү, Каракол шаардык Кеңешинин депутаты, «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» . . .
К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин мүчөсү, Каракол шаардык Кеңешинин депутаты, «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги», «Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги», Областтык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү, Каракол шаардык Кеңешинин бюджеттик жана жеке ишкерчилдикти өнүктүрүү комитетинин төрагасы Алымбаев Кенжебек Ишенбаевичти К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы болуп шайланды.


ТАРЖЫМАЛ
Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич

Туулган жылы, жери – 22.03.1965-ж., Ысык-Көл областы, Ак-Суу pайону Отуз-Уул айылы.
Улуту - кыргыз
Жарандыгы - Кыргызстан
Билими - жогорку
Кесиби - мугалим
Бүтүргөн окуу жайы, жылы - 1983-ж. Бишкек ш. № 4 техникалык окуу жайы (сандык программалар менен иштечү станоктордун опператору) 1992-ж. Ысык-Көл мамлекеттик университети. (физика мугалими)
Эмгек жолу: 1983-1985 ж.ж. советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1985-1987 ж.ж. Ак-Суу райондук сотунда соттук кеңешменин секретары.
1987-1992 ж.ж. Пржевальск педагогикалык институтунун студенти.
1992-1996 ж.ж. Ысык-Көл областындагы Эл аралык жылдары Ысык-Көлдөгү Эл аралык соода биржасынын брокери, директордун орун басары.
1999-жыл Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика, менеджмент жана укук институтунун окуу тарбия иштери боюнча менеджери.
2002-жылы экономика,менеджмент жана укук институтунун илимий жана окуу иштер боюнча директордун орун басары.
2004-жылдан баштап К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору.
2005-жыл ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин президиумунун мүчөсү, Каракол шаардык Кеңешинин XXIV,XXV, XXVI чакырылышынын депутаты.
2002-жылы Канадада «Сабак берүүнүн усулу» жана «Бухгалтердик эсеп-кысап» боюнча стажировкадан өткөн. Бир нече Эл аралык деңгээлдеги сертификаттар бар.
Сыйлыктары: «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси, «Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги» төш белгиси жана ардак грамотасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси жана бир нече грамоталар жана ардак грамоталар менен сыйланган.
Коомдук иштери: Областтык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү, Каракол шаардык Кеңешинин бюджеттик жана жеке ишкерчилдикти өнүктүрүү комитетинин төрагасы.
Билген тилдери: кыргыз тили, орус тили-эркин.
Иштиктүү сапаты: Жоопкерчиликтүү, так, эмгекчил.
Просмотров: 359











