Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 25-марты N 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 25-марты N 161

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга

эмгек акы төлөө жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 19-декабрындагы N 863 токтомунун,

2007-жылдын 27-августундагы N 377 токтомунун

редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" 164-статьясына жана "Зыяндуу же кооптуу шарттардагы иштерге жана оор жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" 224-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө тартиби;

- Өзгөчө шарттарда иштегендердин кызматтык маяналарына үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмеси.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N 863 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бардык чарбакер субъекттерге зыяндуу жана кооптуу шарттарда (өзгөчө зыяндуу же өзгөчө кооптуу), оор жумуштарда, радиоактивдиктүү ууланган аймактардагы жумушчу орундарынын тизмесин жогорулатылган эмгек акы төлөө өлчөмүн көрсөтүү менен аныктоо сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө Тартибине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдар жана мекемелер үчүн жыл сайын бюджетти түзүүдө каражат карасын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N 863 токтомунун, 2007-жылдын 27-августундагы N 377 токтомунун редакцияларына ылайык)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырылсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N 863 токтомунун, 2007-жылдын 27-августундагы N 377 токтомунун редакцияларына ылайык)

 

Премьер-министр К.Бакиев