Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
Комментарии с 1 по 10 из 1333 | Следующие | В конец
Зульфия
Комментарий
Отпускной
#1 Дата: 25.05.23, 02:31:25
Мен, 5 ай иштеп, 1.02.2023тон баштап декретке чыктым. 7.06.2023то менин декреттик оргуум аяктайт. Жаны окладдык система боюнча мага отпускной жазылабы?
Декреттик Акчаны ала элекмин по канча убакыттын ичинде тушушу керек?

Oтвeт:
Саламатсыз, ооба сиздин эмгек оргуунуз жогорулаган айлык акынын негизинде эсептелинет. Негизи кош бойлуулук боюнча жолок пулунуздун каражаты берилиши керек эле.
Жумакан
Комментарий
Re: статья
#2 Дата: 22.05.23, 09:10:23
1. Ооруп калып октябрь айынан бери больничныйда жургон мугалим азыр кандай отпукага чыгат. Диагонозу СОО-С97, Т66 деген. август айында 7 кун,сентябрь айы толук иштеген.Сегизинчи ай эмгекке жарамсыздык боюнча баракчанын эсебинде турат.
2.Донор болуп кан берген мугалимге справканын негизинде отпускасына толонуп берууго эки кун кошумча берилеби же жон эле эки кун дем алыш ашыкча берилеби

Oтвeт:
1) Саламатсыз, мугалим ооруп калган кундору үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы бар болгон учурда мугалимдин бул кундору эсепке алынуу менен эмгек оргууго кадимкидей толук эле чыгат.
2) Донор болуп кан берген мугалимге иш берүүчүнүн макулдугунун негизинде кошумча акы төлөнбөгөн күндөр берилет.
Назира
Комментарий
Отпуска
#3 Дата: 22.05.23, 07:40:16
Бизде системный администратор сабак дагы берет. Отпускага канча кунго чыгат. 28 же 56 кунбу

Oтвeт:
Саламатсызбы мугалим болуп иштегендиги үчүн ал кызматкер 56 күнгө чыгат жана ошол эле учурда 28 күн дагы берилет.
Жылдыз
Комментарий
Декреттик өргүү канча жыл?
#4 Дата: 19.05.23, 04:21:10
Саламатсызбы мен 2022-жылы февраль айында декретке чыкканмын.Кайра 2023-жылы 1-августтан ишке чыксам болобу?Же бала сөзсүз 3жашка чыкканга чейин иштөөгө уруксат жокбу?

Oтвeт:
Саламатсыз баласы бар кызматкер бала 3 жашка чыкканга чейин каалаган мезгилде иштеп жана кайра өргүүгө кетип анан кайра келип иштегенге КР Эмгек кодексинин негизинде толук укук берилген. Кызматкердин баласы 3 жашка чыкканда гана мындай мүмкүнчүлүк токтойт.
Гулзада
Комментарий
Отпусной
#5 Дата: 15.05.23, 11:12:12
Саламатсыздарбы? 3 айлык декретный отпускада болуп, Январдан жумушка чыктым отпускага канча күнгө чыгабыз?

Oтвeт:
Саламатсыз, кош-бойлуулук боюнча өргүүдө жүргөн күндөрүнүз эсепке алынуу менен 56 күнгө эмгек өргүүгө чыгасыз.
Айгуль
Комментарий
Атестат алтын тамга
#6 Дата: 14.05.23, 01:49:00
Здравствуйте у меня вопрос, вот я вижу с аттестатом алтын тамга в Чуйских регионах выдавли медаль, и вот вопрос можно ли получить или заказать медаль т.к дочь 2020году получила аттестат особого образца. Куда и кому обратиться для получения медали?

Oтвeт:
Добрый день, вы должны обратиться в районный отдел образования или же напрямую в Министерство образования и науки КР.
Акмарал
Комментарий
Декрет оргуу
#7 Дата: 12.05.23, 11:28:27
Саламатсыз мен 1 жылга деп арыз жазгам декреттик оргууну. Бирок азыр 6 ай эле болду жумушка чыга берсем болобу 1 жылды кутпой эле

Oтвeт:
Саламатсыз баласы бар кызматкер бала 3 жашка чыкканга чейин каалаган мезгилде иштеп жана кайра өргүүгө кетип анан кайра келип иштегенге КР Эмгек кодексинин негизинде толук укук берилген. Кызматкердин баласы 3 жашка чыкканда гана мындай мүмкүнчүлүк токтойт.
жаныл
Комментарий
Трудовой кодекс
#8 Дата: 10.05.23, 10:52:20
Как оплачивается праздничные дни? Например дежурный электрик работающий сменным графиком работы с 17:30 до 8:30 следующего дня. Как оплачивается ночное время с 00:00 до 8:30 часов?

Oтвeт:
Добрый день, согласно статьи 169 Трудового Кодекса КР работнику за работу с 10:00 ночи до 06:00 утра (за работу в ночное время) за каждый час должно оплачиваться в повышенном размере но не ниже 1,5 размере. Конкретные размеры повышения устанавливаются коллективным договором, соглашениями и трудовым договором.
Жаркынай Усоновна
Комментарий
Декреттик өргүү боюнча
#9 Дата: 28.04.23, 16:18:41
Мен шос жумушта иштейм. мен 2023-жылдын 16-апрелинен 15августка чейин врачтар больничный кагаз жазып беришкен аны отдел кадрга бергем мага 11мин сом төлөштү. Дагы төлөнөбү десем польный төлөндү башка төлөнбөйт деп атышат. Мен түшүнгүм боңнча врачтар жазып берген убакытка чейин больничныйдамынбы же декретке сразу чыгарышабы. Болничныйда болсом праздиктердин премялар түшмок бирок ал дагы түшкөн жок.

Oтвeт:
Саламатсыз, кайсыл район? телефон номеринизди берсениз балким биздин кесиптештер жеринде кенеш берет.
Асыл
Комментарий
Кесиптик бирликтин жардамы керек
#10 Дата: 25.04.23, 14:28:48
Саламатсызбы!Кесиптик бирликтен мектептеги эмгек жамааттын 89% ы 2022-жылдын май айында шаардык кесиптик бирликтен торайымына арыз жазганбыз, арыздарды кабыл алышкан, май айындагы эс алууга акча каражаты силер арыз жазгансынвр деген шылтоо менен берилген жок,андан кийин проф.союздук билеттерибизди июнь айында кесиптик бирликтин акыркы чогулушунда жыйнап алган, бирок арызыбызга жооп ала албай, 1% дык акчабыз июнь,июль,август,сентябрь айларында да кармалып келди. 2022-жылдын октябрь айында ошол май айында жазылган арыздын негизинде кесиптик уюмдан чыктынар деген тизмени беришти. Суроо: кесиптик бирлик арыз жазылган кундон баштап, убакытты созбой акча кармоосун токтотуу керекпи, же бирликтен чыкканга чейинки кармалган акчаларды майрамдарга болуп беруусу милдеттуу беле? Ортодо июнь,июль,август,сентябрь айындагы жуйоосуз кармалган акча каражатын толоп беруу жагын карап берсениздер жакшы болмок. Мугалимдердин укугун шаардык проф.союз тебелеп, оз билемдикке салып каалагандай чечим чыгарып жатат.

Oтвeт:
Саламатсыз, бул маселени жергиликтүү кесиптик бирликтин райондук/шаардык комитети менен тактоо керек, Сиз байланышка чыксаныз тактайлык.
Комментарии с 1 по 10 из 1333 | Следующие | В конец