«Профессионалдык жактан калыптануу жана студент жаштардын жарандык активтүү турмуш позициясын түзүү» проектиси

25 ноябрда Улуттук университеттин бириккен профсоюз комитетинин «Профессионалдык жактан калыптануу жана студент жаштардын жарандык активтүү турмуш позициясын түзүү» проектиси боюнча IV- жыйынтыктоочу окутуусун аяктады. Улуттук университеттин бардык факультеттеринен 40 ашык 2- жана 3- курстарынын профсоюз активистери аталган проект боюнча окуу программасын толук аякташып, жыйынтыгында Сертификат алышты. Бул окутууну толук бүтүрүп, сертификат алгандардын арасында 1 магистрант бар. Жыйынтыктоочу сабак убагында  студент активистер төрт топко бөлүнүшүп, өзүлөрү алган билим боюнча кызыктуу презентация жасашып, профсоюз уюмуна  алкыштарын айтышты жана ушундай  окутууну мындан да ары уланышын суранышты.          Сертификатты тапшырууга профкомдун төрагасы Сальпиев Ш.Б., Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин жаштар бөлүмүнүн башчысы Бредихина В.А., адамдарды өнүктүрүү институтунун тренени Супуев Б. С. катышышты жана аларга ийгилик каалап, бүтүрүүчүлөр менен бирге эстеликке бирге сүрөткө түшүшүштү

Просмотров: 459 раз(а)