Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

"Жетиген" журналынын сыйлыктары

Республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналынын 10 жылдык мааракесине жана Кыргыз Республикасынын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, белгилүү коомдук саясий ишмерлер, искусствонун көрүнүктүү өкүлдөр жана массалык маалымат  каражаттарынын өкүлдөрү  катышат. Салтанаттуу кечеде Кыргыз  Мамлекетинин  өнүгүүсү  өзгөчө  салым  кошкон инсандар, “Жетиген” журналы менен 10 жыл аралыгында тыгыз кызматташкан инсандарга, мекеме – ишкана жетекчилерине “Эгемендик каарманы” төш белгиси жана диплому ыйгарылды.

Сыйлыктын ээлери: Саттаров А. – ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент, Мамытов У. – ОшТУнун баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, Тажибаева Н. – Ноокат райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы, Исираилова Н. – Кара-Суу  райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова