Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жаңы ректор шайланды

2021-жылдын 21-декабрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу жайдын ректорун шайлоо болуп өттү. ЖОЖдордун ректорун шайлоо боюнча жобого ылайык добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталып, атайын комиссиянын чечими менен 449 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Натыйжада алты талапкердин ичинен көп добуш алган Усенов Кеңешбек Жумабекович Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды. Ал мурда ушул кызатта иштеп келген.

Университеттин кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жалпы профсоюз мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын бийик коюп, өзүнүн калыстык позициясын сактоо менен, атайын комиссияда шайлоочулардын тизмесинин  мыйзам чегинде түзүлүшүнө,  ар бир талапкердин жана ар бир шайлоочунун укугунун толук сакталышына  гарант болуп, талапкерлердин ар бирине бирдей,  тең мүмкүнчүлүктүн жаратылышын камсыз кылуу талабын койо билип, шайлоонун эркин жүргүзүлүшүнө өз салымын кошо алды. Кызматкерлер өз тандоосун шайлады!  Жаңы шайланган ректорубуз Усенов Кеңешбек Жумабековичке ден соолук, ийглик каалайбыз!               

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова