Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жаштардын тилектештиги

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында  17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата “Максатташ жаштардын жолугушуусу” болуп өттү. Жолугушууга шаардагы окуу жайлардын студенттери, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад областтык жаштар иштери жана дене-тарбия спорт боюнча башкармалыгынын башкы адиси Нурсултан Рустамов, спортчулар катышышты. Анда жаштардын коомдогу ролу, жаштар кыймылын активдештирүү, максатташ жана тилектеш болуу жөнүндө сөз болду.

Иш-чарада шаардагы  окуу жайлардын алдыңкы студенттерине сыйлыктар тапшырылды. Жолугушуу шаардагы окуу жайлардын студенттери тарабынан концерттик программа менен коштолду. Жаштар өнүгүүнүн локомотиви!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова