Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жаштар жумалыгы

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Эл аралык жаштар жана 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата "Жаштар жумалыгы" өтүүдө. Бул жумалыктын алкагында ЖАМУнун факультеттеринде жана колледждеринде интеллектуалдык, маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усенов билдирди.

“Жаштар жумалыгынын” алкагында окуу жайдын факультеттери жана колледждеринин студенттеринин арасында "Даанышман" интеллектуалдык акыл таймаш оюну болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында ынтымакты бекемдөө, достук мамилени чыңдоо жана кызматташтыкты  жана профсоюздук ишмердүүлүк тууралуу маалымдуулукту күчөтүү.

Таймашка бардыгы болуп алты команда катышты. Алардын ар биринде бештен оюнчу болгон. Оюн үч багыттан туруп, катышуучуларга тарыхый, логикалык жана белгилүү инсандар жөнүндө суроолор берилген. Жыйынтыгында Педагогикалык маалыматтар технологиялар факультетинен куралган “Stern” командасы I орунга, экономикалык-юридикалык факультетинин “Ийгилик” командасы II орунга, филология факультетинин “Алтын ордо” командасы III орунга ээ болуп, атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары медицина факультетинен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Жумабек Акматовго “Ой-өрүшү кенен” студент номинациясы ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова